"Ыракмат, кереги жок": Австралия жаныбарлар үчүн жөнөтүлгөн жардамдан чарчады

Коала

Сүрөттүн булагы, Carol MacDonald

    • Author, Робин Левинсон-Кинг
    • Role, Би-Би-Си

Канадалык ыктыярчылар Австралиядагы өрттөн кийин жапайы жаныбарларга керектүү болгон медкаражаттарды жана буюмдарды алты учак менен жөнөткөн. Бирок австралиялык бийлик мындай камкордуктун кесепеттери дагы боло турганын эскертүүдө.

Австралияга Канададан жети жыл мурун келген Брианна Макдональд жардам колун сунгандардын бири эле. Канадада жашаган апасы жана эки карындашы менен чогуу алар жаныбарлар үчүн кол менен жасалган буюмдарды - корзина, куртка, каптарды чогулткан өнөктүккө кошулган. Canadian Animal Rescue Craft Guild тобу "Фейсбукта" Канада боюнча он бир миң кишини чогулткан. Алар кайрымдуулк үчүн кол менен буюмдарды жасап берүүгө дилгир кишилер эле.

Ошентип беш миңдей буюмду кол менен жасашып, эки миңдей таңгакта медкаражаттарды чогултушту. Жалпы салмагы болжолу 500 кг.

Анын баарын Сиднейге жөнөтүп, Брианнанын үйү кампага айланып калды. Ага келип түшкөн жардамды Animal Rescue Cooperative уюмуна өткөрүп бериши керек эле. Бул уюм Австралиядагы жапайы жаныбарларды куткаруу боюнча иш алып барат.

Жыйынтыгында канадалык ыктярчылар Австралияга алты учак менен жардамдарды жөнөтүшкөн. Канада Австралияга ушундай жардамдарды жөнөткөн жалгыз өлкө эмес.

Маалымат каражаттарында өрттөн жаныбарлардын жапа чеккени туралуу сүрөттөр жайнап чыккандан кийин Британия, АКШ жана Азиядан жардам берүүгө ниеттенгендер арбын болду.

Бирок австралиялык бйилик алардын жакшы ниеттеринин кесепети да тийип калышы мүмкүн деп чочулап жатат.

Жаныбарлар үчүн деп колго жасалган буюмдар

Сүрөттүн булагы, Carol MacDonald

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаныбарлар үчүн деп колго жасалган буюмдар

"Адатта мындай нерселер боло келген. Бирок бизди кайрымдуулук үчүн келген буюмдарга көмүп салышты",-деди ABC телеканалына берген маегинде Жаңы Түштүк Уэльс штатынын куткаруу кызматынын өкүлү Жереми Хиллмен.

Жардамды толук токтотуу чакырыгы менен чыккан уюмдар дагы болду.

"Силердин колдооңор жана тилектештигиңер, колго жасалган буюмдарыңар үчүн чоң ыракмат. Сураныч, Австралияга эч нерсе жөнөтпөй эле койгула",-деп жазды Animal Rescue Collective Craft Guild уюму.

Мындай кырдаалда ыктыярчылардан келген жардамдар артыкбаш болуп калган учурлар көп эле болот, дейт Америкадагы эл аралык масштабдагы катастрофалар боюнча маалыматтык борбордун мурдакы директору Хуанита Риллинг.

жарганат

Сүрөттүн булагы, Sydney Wildlife Rescue

"Биздин байкообузда соңку 50 жылда дүйнө жузүндөгү ар бир табигый кырсыктан кийин макулдашылбаган кайрымдуулук жардамдары өтө көп санда түшө баштайт. Булар болсо куткаруу операцияларына тоскоолдук жаратат",-деди Би-Би-Сиге интервьюсунда.

Башка өлкөлөрдөн келген жардамдар куткаруу операциясына тартылган жергиликтүү кызматкерлерге артыкбаш жумуш болот. Ресурстар жетишсиз болуп турганда бул дагы кошумча көйгөйдү жаратат эмеспи.

Риллингдин айтымында, жардамдын эң натыйжалуу жолу - акчалай түрдө жардам берүү.

Вещи, пожервтованные для животных Австралии

Сүрөттүн булагы, Carol MacDonald

"Албетте, кишилер чын жүрөгүнөн жардам бергиси келет. Бул керемет нерсе. Бирок эскиден калган макал бар: билими жок мээнеттин майнабы жок дейт, азыр так ошондой болуп жатат",-деди Риллинг.

Канадалык ыктыярчылар болсо эми өздөрүнүн үйүнө жакын жердеги жаныбарларга кам көрүүдө. (AbA)