Москва: ФСБнын башкы кеңсесиндеги атышуу

Armed officers respond to a shooting incident near the Federal Security Service (FSB) building in Moscow, 19 December 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Москванын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башкы кеңсесинде атышуу болуп, кеминде бир киши окко учту. Окуяда беш киши жарадар болгону айтылууда.

Куралчан адам имараттын кире беришинде автомат менен ок чыгарган. Аны полиция атып өлтүргөнүн Interfax агенттиги жазды. Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлиги эки коопсуздук кызматкери оор жаракат алганын ырастады. Кийин Федералдык коопсуздук кызматы бир офицер каза тапканын айтты. Бирок каза тапкан кызматкер жаракат алган эки офицердин бириби же жокпу, расмий тактала элек.

Видеонун түшүндүрмөсү, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башкы кеңсесиндеги атышуу

Учурда тергөөчүлөр кол салуу президент Путиндин жылдык басма сөз жыйынына тиешеси барбы деген суроого жооп издеп жатышат. ФСБ имаратындагы ок атуу Путиндин төрт саатка созулган басма сөз жыйыны жыйынтыкталгандан кийин көп өтпөй уюштурулду.

Police vehicles block a street near the Federal Security Service (FSB) building after a shooting incident in Moscow, 19 December 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ФСБнын имараты курчоого алынды

Андан тышкары Путин дал ушул учурда атайын кызматында иштегендерди майрамы менен куттуктап жаткан эле.

"Биз ишибизди уланталы, күчөтөлү...өзгөчө террорго каршы багытталган аракеттерибизди күчөтөлү. Терроризм абдан коркунучтуу душман жана ага каршы күрөш системалуу түрдө улана бериши керек. Биз террордук чабуулдарды алдын алуу жана террорго каршы операцияларыбызды уланта беришибиз керек",-деп айткан эле Путин.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы

Коомдук медиага жарыяланган видеолордо Лубянск аянтында октун добушун, полиция кызматкерлерин көрсө болот. (AT)