Орусияны кубантып, Украинаны нааразы кылган Apple

Apple iPhone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Apple компаниясы Орусиянын талаптарына макул болуп, картадан Крымды орусиялык аймак катары көрсөтө баштады.

Жарым арал - эл аралык укук боюнча 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Украинанын аймагы катары саналат. Apple Maps жана Weather тиркмелеринде эми бул Орусия Федерациясынын аймагы катары көрсөтүлүүдө.

Бирок Apple колдонуучулары Орусиянын аймагында жүргөндө гана Крым орусиялык аймакта экенин көрө алышат. Орусиядан сырткары жерлерде мынтип көрсөтпөйт.

Британияда Apple Maps тиркемеси Крым менен Херсон облусунун чегин Украинанын аймактык чек ара сызыгы катары көрсөтөт. Айталы, Херсон менен Николаев облустарынын кесилишкен чек ара сызыгы сыяктуу эле. Ал эми мамлекеттик чек ара сызыктары ачык түс менен көрсөтүлгөн.

Андан тышкары ар башка шаарлардагы аба-ырайын көрсөткөн Weather тиркемесин Орусиядан ачкан болсоңуз, Севастополь менен Симферополь орусиялык шаар катары белгиленген.

Тиркеме Британиядагы колдонуучуларына крымдык шаарларды кайсыл бир өлкөгө таандык кылып көрсөтпөйт. Компаниянын бул кадамын Москвада кубаттоолор менен кабыл алышты. Киевде болсо кескин сынга кабылды.

Скриншот Apple Maps

Сүрөттүн булагы, Apple Maps

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Apple Maps. Тиркемени Лондондон ачканда
Apple Weather. Тиркемени Орусиядан ачкандагы көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, APPLE WEATHER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Apple Weather. Тиркемени Орусиядан ачкандагы көрүнүшү
Apple Weather. Тиркемени Лондондон ачкандагы көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, APPLE WEATHER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Apple Weather. Тиркемени Лондондон ачкандагы көрүнүшү

Крымдын аймактык макамы тууралуу маселени Apple менен орус бийлиги бир нече айдан бери талкуулап келген. Башында компания Крымдын макамы аныкталбаган аймак катары көрсөтүп жүрдү. Кийин чечимин өзгөрттү.

Би-Би-Си комментарий сурап Apple компаниясына кайрылды, бирок азырынча жооп боло элек.

Apple атаандашы Google Орусия аймагында жарым арал менен Херсон облусунун чек арасын мамлекеттик чек ара катары көрсөтөт. Ал эми Британиядагы колдонуучулары муну эки облустун чек ара сызыгы катары көрүшөт.