Сахнада жарылган пиротехникадан испаниялык бийчи каза болду

Сүрөттүн булагы, screenshot
Испаниялык бийчи сахнада бийлеп жаткан учурда жанында пиротехника жарылып, миңдеген көрөрмандардын көз алдында жыгылып, эс-учун жоготту. Дароо ооруканага алып барышкан менен дарыгерлер аны сактай алышпады.
30 жаштагы актриса Super Hollywood Orchestra тобунун башкы хореограф жана солисти болуп иштеп жаткан.
Мадрид шаарынан 100 км түндүк-батышта турган Лас-Берланас шаарчасында анын концертин миңдей адам көрүп отурган.
Кырсык салтуу музыкалык фестивалдын акыркы күнү түнкү экиде болду.
Коомдук сайттарда сахнада пиротехника жарылган учур тартылган видеолор жарыяланууда.

Сүрөттүн булагы, @JOANA_SG_ ON TWITTER
Көрүүчүлөрдүн арасынан дарыгер менен мээрман айым жабыркаган бийчиге биринчи болуп жардам көрсөтүштү.
Эс-учунан ажыраган абалда ооруканага жеткирилган бийчини дарыгерлер сактап кала алышпады.
Super Hollywood Orchestra бий тобунда жалаң эле бийчилер эмес, ырчылар жана музыканттар бар болчу. Алар Лас-Берланастагы фестивалды салтанаттуу жабышмак.
Промоутерлердин талабы боюнча концерттик ар бир номер жанар от жана пиротехниканын эффектилери менен коштолуп өтүп жаткан, эч кандай проблема болгон эмес.
Фестиваль уюштурган шаардын бийликтери кырсыктан каза болгон актрисанын туугандары менен жакындарына көңүл айтышууда. (КС)












