Лондондогу короого "асмандан түшкөн" кишинин сөөгү
Жекшембиде болжолу саат 15:00 чамасында Лондондогу Клэпхэм районундагы үйгө асмандан кишинин сөөгү түшкөн. Бул учурда үйдүн кожоюну күнгө кактанып олтурган. Коңшусу "күп" эткен дооштон улам терезеден караганын полицияга айтып берген экен.

Сүрөттүн булагы, Public domain
Үйдүн дубалына чейин кан чачыраган. Кишинин сөөгү үйдүн кожоюну жаткан жерге бир метр жетпей түшкөн. Үрөйү учкан тургундар полицияга кабар берет.
Кийин Хитроу аэропортуна конуу үчүн төмөндөгөн Kenya Airways авиакомпаниясына таандык учактын шассиден тосмолонгон жайынан киши кулап кеткени белгилүү болду.
Лондондун полициясы бул киши билет албай, учакка жашыруун чыккан болушу мүмкүн дейт. Учактын шассиден тосмолонгон жайында суу жана тамак табылды. Найробиден Лондонго чейин учак тогуз сааттай учуп келет.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Билети жок кишилердин ушундай жол менен учуп келүүгө аракет кылган учурлары бир нече ирет катталган. Алар бара турган жерине аман-эсен жеткен күндө дагы ден соолугу катуу жабыркайт. Абанын жетишсиздиги, сууктан улам организм жабыркайт.
2015-жылы июнда дагы Лондондогу көп кабаттуу үйдүн чатырынан ушундай сөөк табылган эле. Ал Йоханнесбургдан учуп келе жаткан каттамдан түшүп кеткени белгилүү болгон. Дагы бир сөөк аэропорттон табылган.
2012-жылы августта Кейптаундан Лондонго учуп келген учакта жашырынган жеринде көз жумган кишинин сөөгү чыккан. Дагы ушул сыяктуу бир нече фактылар белгилүү болгон. (AbA)








