БУУ: Дүйнөдө 70 миллион качкын бар

Дүйнөдө 70,8 миллион киши согуш, жаңжал жана куугунтуктан улам жер которууга аргасыз болгон. Бул тууралуу БУУнун Качкындар агенттигинин соңку баяндамасында айтылат.

Венесуэладагы кризис толугу менен баяндамага кошулбагандыктан, качкындар саны мындагы дагы көп болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венесуэладагы кризис толугу менен баяндамага кошулбагандыктан, качкындар саны мындагы дагы көп болушу мүмкүн

Өз үйүн, өлөң төшөгүн таштап, качкынга айлангандар өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 миллион кишиге көбөйгөн, деп белгиледи Global Trends уюму. Жыйырма жылдын ичинде качкындардын саны эки эсеге өстү. Күнүгө 37 миң киши аргасыз жер которот.

"Бул статистикалар келечекте согуш, жаңжал менен куугунтуктан качкандардын саны мындан дагы өсөт дегенден кабар берет",- дейт БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди.

Венесуэладагы кризис толугу менен баяндамага кошулбагандыктан, качкындар саны мындагы дагы көп болушу мүмкүн. Венесуэладагы чыңалган абалдын айынан төрт миллионго жакын киши жер которгон. Учурда эң көп сандагы качкындар венесуэлалыктар экени айтылып жатат.

Аргасыз жер которгондор

БУУнун баяндамасы аргасыз жер которгон адамдарды үч топко бөлгөн.

качкын

Сүрөттүн булагы, AFP

Биринчи топ, качкындар же согуш менен куугунтуктан улам жер которгон кишилер. 2018-жылы дүйнөдөгү качкындардын саны 25,9 миллионго жетти. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 500 миңге жогору. Палестиналык качкындардын саны эле 5,5 миллионду түзөт.

Экинчи топ, баш паанек сураган 3,5 миллион адам. Бул кишилер туулуп-өскөн мамлекеттен тышкары жакта жашайт жана эл аралык коргоого алынган. Бирок аларга качкын статусу бериле элек.

Үчүнчү топ, өз мамлекетинин аймагынанда эле бир жерден экинчи жерге көчүүгө арагсыз болгондор. Алардын саны 41,3 миллионду түзөт. Алар негизинен Сирия, Ооганстан, Түштүк Судан, Мьянма менен Сомалиянын жарандары.

Согуштун айынан өлкөнүн ичинде жер которгондор саны Сирияда эң жогору - 6,7 миллион адам. Ооганстанда болсо бул көрсөткүч 2,7 миллионго жетти.

2018-жылы 92,400 гана качкын көчүрүлүп кеткен. Башка мамлекетке жер которууну каалаган качкындардын жети гана пайызы көчүрүлгөн экен.

Согуш же куугунтуктан улам жер которгондордун саны 2009-жылдан бери (анда 43,3 миллион качкын бар болчу) кескин жогорулаганын себеби Сириядагы жарандык согуш болду. Качкындар саны 2012-2015-жылдар ортосунда кескин өскөн. Бирок Сириядагы жаңжалдан тышкары Ирак, Йемен, Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттериндеги кагылышуулар себеп болду. Ошондой эле Африканын Конго менен Түштүк Судандагы абал дагы курч бойдон.

2017-жылы Мьянманын Ракхайн аймагындагы армиянын аскердик операциясынан дагы жүз миңдегендер Бангладешке качкан.