Россия
1917-жылдын октябрь айы. Кремлдин Спас мунарасынын дарбазасы алдында мынтык көтөргөн жаш күзөтчү оозуна тамекисин тиштеп өйдө төмөн басып жүрөт. Никольск көчөсүнүн бурчунда революциячылар Muir and Merrilees универмагынын жанында пушканы түртүп келатышат. Кремлдин дарбазалары жабык жана күзөтчүлөр жоголуп кетишти.
Москвада башталган революция боюнча атамдын эскерүүлөрү
Атам 1907-жылы тартылган бул сүрөттө оңдо турган бала.

Владимир Раффе, Москва

Иран
1912-жылы чоң атам Хассан-голи заводдо иштеш үчүн Москвага барган. Ал орус кызын жолуктуруп, бири-бирине ашык болуп калышат. Анын боюна бүтөт. Чоң атам Октябрь революциясынын так алдында Иранга ата-энесине кетет. Кайра артка кайтканда революция алда качан башталган болот. Ошондуктан сүйлөшкөн кызын, анын үй-бүлөсүн таба албай калган.
Бирок аны эч качан унуткан эмес жана жылдар өткөндөн кийин менин атам дагы аларды табууга жардам берүүгө аракет кылган, бирок изи жок.

Ферейдоун, Тебриз

Россия
Менин чоң энемин байкеси Виктор Бахмурин орус армиясынын Империялык артиллериялык окуу жайында студент болчу. 1917-жылы ноябрда ал студенттер менен түштүк Россиядагы большевиктерге каршы Ыктыярчылар армиясына кошулушат. Кийин салгылашта катуу жаракат алат жана азыр Түркиядагы Стамбулда же ал кездеги Константинополдогу орус ооруканасында каза болот.

Бул сүрөт Константинополдо тартылган жана менин чоң энеме жөнөтүлгөн. Энем үйдү тинтүүгө алган тергөөчүлөр ким экенин билбесин деп сүрөттүн үстүн тытып салган.
Михаил Соловьев, Санкт-Петербург

Иран
Таятам Хайдар Россияда болгон. Иранга көчкөндө атын өзгөрткөн. Ал алты жашында каза болгон, бирок апам ал тууралуу көп окуяларды айтып берген.

Ал кичинекей чагында бийликтегилер кедейлерди, ачка балдардын баарын чогултуп, шаардагы бир чоң имаратка алып барып, тамак үчүн кудайга сыйынгыла дечү экен.
Эч нерсе өзгөрбөйт.
Андан кийин ошол эле нерсени Ленинден сурагыла дешчү экен. Алар муну аткаргандан кийин эшиктер ачылып, көп тамак берилчү экен. Бул окуя канчалык чын билбейм, бирок бул мен чоңоюп жатканда кудайдын бар экени тууралуу ойлондурду.
Юнус, Ахвах

Чоң атам падышалык армияда офицер болгон жана Смоленскке жакын аймактан ага жер бөлүнгөн. Чоң энем жаңы гана үчүнчү баласын, менин атамы жарык дүйнөгө алып келгенде революция орун алат. Ал түштүк Кубанга жасалма аты-жөнү менен бала багуучу болуш үчүн качып барган. Анын ичер суусу түгөнгөндө ошол ат менен көмүлүптүр, бирок ал өзүнүн ысымы эмес эле. Ал заманда эмне болгонун эч ким айтпайт жана мен муну беш жыл мурда гана билдим.
Татьяна, Москва

Россия

Менин чоң атам, Семён Качкин деңиз аскери болгон. Революциядан кийин Большевик партиясына кошулуп, 1919-жылы кызмат өтөп жүргөн Балтика деңизиндеги аскердик кеме Британиянын минасынан жарылат. Ал аман калат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Фин кысктарындагы аймактан үй сатып алган, ал азыр менин үйүм.
Андрей Качкин, Ленинград аймагы
Иордания
Атам Султан Мурад түндүк Кавказдагы Чеченстанда 1877-жылы төрөлгөн. Көптөгөн чечендер сыяктуу ал үй-бүлөсү менен падышалыктын кысымынан качып, Россиядан 20-кылымдын башында чыгып кеткен. Аягында Иорданияга отурукташат. Октябрь революциясынан кийин өз жериндеги жана чет жактагы чечендер Россиянын башкаруусунан эркин болууга үмүттөнүшкөн. 1920-жылы Кавказ аймагы большевиктер тарабынан басып алынганга чейин атам Грузияга көз карандысыздык үчүн кармашка барган.

Ал 19-кылымдын чечен козголоңчусу Имам Шамилдин небереси Саид Шамил менен барган. Алар ушул сүрөттө. Алардын аракеттерине карабай, Кавказ аймагы акыр аягында Кызыл армия тарабынан колго алынган. Чечендер үчүн революция башаламандык болгон, биздин динибизди талкалаган жана көптөгөн адамдарды өлтүргөн.
Таха Султан Мурад, Амман
Россия
Эгер революция болбосо, биздин үй-бүлөнүн тарыхы такыр башкача болмок.
Менин чоң чоң атам Уфа губерниясында граф болгон жана көптөгөн жерлерге, алтын корлоруна ээлик кылган. Ал революциячыл кыймыл менен байланышта болгон, жада калса Ленин менен тыгыз иштешкен.
Бирок революциядан кийин бардык мүлкү конфискацияланып, жакырлыктын босогосуна келип калган. Мурдагы жолдошторунун баары аристократия менен байланыш дегенден коркуп, андан баш тартышкан.

Анастасия Забалуева

Түркия
Атам Саид Мир Мухаммед Алим Хан Борбор Азиядагы Бухаранын акыркы эмири болгон. Октябрь революциясынан кийин 1920-жылы шаарды большевиктер колго алгандан кийин качып кетүүгө аргасыз болгон. Мен Афганистандын Кабулунда төрөлдүм. Бирок өмүр бою өз үйүм катары Бухараны эсептеп жүрдүм жана ал жака барууну кыялдандым. Россия Афганистанды басып киргенде үй-бүлөм кайрадан Пакистанга качты.

Мен азыр 74 жаштамын жана бул куракта балдарым менен бирге болуш үчүн Түркияга көчүүгө аргасыз болдум. Бирок мен дале Бухараны кыялданам, анткени мен ошол жерде төрөлүшүм керек болчу.
Абдусаттар Алими, Газиантеп

Парагвай
Мен кичине чакта ата-энем менен падышага кызмат кылган генералга тиешелүү үйдө жашачубуз. Россиядагы Хуан Беляефф же Иван Беляев Парагвайга Октябрь революциясынан кийин келген.

Ал аскер кийимин кийген көрүнүктүү адам эле. Парагвайда өлкөнүн картасын түзгөн үчүн улуттук баатыр болду. Ал жергиликтүү калк боюнча эксперт болгондуктан алар үйүнө көп келчү. Ал каза болгондо толугу менен аскердик жөрөлгөлөр аткарылган. Жергиликтүү уруулардын биринин лидери сөөгүн өздөрүнүн жерине бериш үчүн анын табытын коштоп барган. Анткени көзү тирүү кезде ошол жерге коюуну каалаган
Игорь Флейшер Шевелев, Асунсьон

1928-жылга карай үй-бүлө абдан жакырланат жана ачка болгондуктан Иранга кетишкен. Жолдо алардын тогуз жаштагы уулу жана ымыркай кызы ичкелтеден өлөт. Биздин алты жаштагы апабыз гана аман калган.
Үй-бүлө убактылуу Тебризге отурукташат, бирок адамдар абдан эскичил болгондуктан аларды батырышкан эмес. Үйүнө малдын богун ыргытып, “таза эместер” деп аташкан.

Таянебиз Анастасия Россиядагы апасын кайра эч качан көргөн эмес.
Ал эмне болгонун айтып бергиси келчү эмес, анткени жоокерлер бир күнү кайтып келеби деп коркчу.
Сима жана Мина, Тегеран
ѲЗБЕКСТАН
Менин чоң атам Нарзыкул Мырза Самаркандда адвокат болгон. Ал революцияны колдоого алып, большевиктер партиясына кирип, Революциялык соттун мүчөсү болуп иштеген. Сталиндин тушундагы тазалоо учурунда тыңчылык боюнча айыпталып, Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалган. Ал кайтып келген жок. Ал убакта менин атам болгону беш жашта экен. Ал “эл душманынын баласы” деген кара так менен өстү. Бул биздин үй-бүлөнүн жашоосунда азаптуу из калтырды, биз анын кеспеттеринен дагы деле арыла элекпиз.

Дилорам, Лондон

КЫРГЫЗСТАН
Менин чоң атам Кадырмамбет Чоро уулу орус революциясынан беш жылдан кийин төрөлгөн. Ата мекендик согуш учурунда Уралдагы Эмгек фронтуна айдалган. Көрбөгөн азапты көрүп, менин чоң атам менен камактагы башка кыргыздар качууну чечишет. Алтымыш киши качкан экен, бирок үчөө эле аман кутулган, алардын бири менин чоң атам болгон. Алар Кыргызстанга кайтып келишкен.

Жергиликтүү жашоочулар анын ак жеринен камалганын билишкен. Алар көп азапты көрүшкөнүн аңдап, жергиликтүү бийлик бул кишилерге тийген эмес. Кийин чоң атам ветеринардык курстарда окуган, калган өмүрүн айылда иштеп өткөрдү.
Алмаз, Лондон

РОССИЯ
1920-жылдары менин чоң атам Игорь Арцыбашев советтик инженерлердин делегациясынын курамында АКШга барган. Ал Дейтройттогу Форд заводунда беш жыл иштеп, автомобиль өнөр жайы кандай иштей турганын иликтеген. Ал 1933-жылы үйүнө кайтып келип, Челябинскидеги трактордук заводко ишке кирген.

1939-жылы камакка алынып, он беш жылдай ГУЛАГдын түрмөсүндө отурган. Ал Сталин өлгөндөн кийин гана боштондукка чыкты. Ѳзүнүн өмүрүнүн эң сонун жылдарын жоготуп, үйүнө аны көрө элек балдары чоңоюп калганда гана кайтып келген. Мен анын Америка жана ГУЛАГ жөнүндө айткандарын угуп жүрүп чоңойдум. Бул мага абдан чоң таасир берди.
Игорь, Лондон
РОССИЯ
1917-жылдагы революция жана совет бийлигинин 70 жылдык башкаруусу орус калкынын башынан өткөн эң кыйын мезгил болуп калды.
Бирок ал доор болбосо, мен да төрөлмөк эмесмин.
Менин чоң апам, Пелагея Коваленко 1917-жылы Кубандын түштүгүндө казактын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жарандык согуш учурунда анын атасы большевиктер менен кармашууда курман болгон.
Анын апасы советтик бийликти тааныбай, колхозго кирбей койгон. 1933-жылы кубандык башка көп казактардай эле ал дагы большевиктердин зордукчул коллективдештирүү программасынан келип чыккан ачкачылыктан көз жумган.
Менин чоң апам 16 жашында жалгыз калып, Азербайжанга ооп барган.
Ал жактан бир адамга баш кошуп, менин апам жана эки эркек бир тууганы төрөлгөн. Үчөө тең мектепти жакшы бүтүштү.
Мен кубандык казактардын кайгылуу тагдыры, советтер талкалаган жашоосу жөнүндө көп ойлоно берем.
Наталья Евдошенко

ВЬЕТНАМ
Орус революциясы Вьетнамга чоң таасир көрсөтүп, ага шыктанган Вьетнам коммунисттик партиясы 1945-жылы француздардын колониалдык башкаруусуна каршы өзүнүн революциясын ишке ашырган. Менин атам Фам Ван Тук Вьетнамдагы алгачкы сейсмологдордун бири болгон. Ал дайыма эки революция болбосо, анын эч качан жолу ачылмак эместигин айтып калчу. 1967-жылы Москвага келип, геофизиканы оуган. Советтер союзун кыдырып, вулкандар менен жер титирөөлөрдү изилдеген. СССР кыйраганда ал аябай эле оор кабыл алды.

Нга Фам, Лондон

ВЕНЕСУЭЛА
Менин ата-энем Венесуэла коммунистик партиясына мүчө болушкан, ошондуктан мени Лениндин урматына Владимир деп аташкан. Менин агама Че Геваранын урматына Эрнесто деп ат беришкен. Мен 1961-жылы төрөлгөм. “Революциялык аттарды” коюу ал убакта мода болгон. Менин атам партиялык иштер менен Москвага бир нече жолу барган.

Бул ал экөөбүздүн Кызыл Аянтта Лениндин мавзолейинин жанында түшкөн сүрөтүбүз. Меникине окшош ысымдагы көп венесуэлалыктарды кезиктиргем, алар коомдун ар кайсы катмарынан жана социалдык таптардан чыккандар эле. Эмнеси болсо да мени ата-энем Сталин деп атабаганы жакшы болуптур.
Владимир Вилегас

ИРАН

1963-жылы 19 жашта экенимде мени Тегеран университетинен чыгарып салышты, анткени мен окууга акча төлөй албай калган элем. Бир жолу мен Москвада Патрис Лумумба атындагы университетте акысыз окуу жөнүндө рекламаны көрүп калып, арыз бердим.
Бир нече жылдан кийин менин арызым кайра келип, куугунтуктала баштадым.
Жаңы паспорт алыш үчүн кайрылган сайын менден бийликтер эмне үчүн россиялык университетке окугум келгенин түшүндүрүп берүүмдү сурай беришчү. Акыры, 1995-жылы мага чет өлкөгө чыкканга таптакыр тыюу салып коюшту.
Жаңы паспорт алыш үчүн кайрылган сайын менден бийликтер эмне үчүн россиялык университетке окугум келгенин түшүндүрүп берүүмдү сурай беришчү. Акыры, 1995-жылы мага чет өлкөгө чыкканга таптакыр тыюу салып коюшту.
50 жылга созулган коммунисттик идеологиянын кесепетинин мага тийген үлүшү ушундай болду.
Али Ахмад, Тегеран

АФГАНИСТАН
Мен Афганистанда 1930-жылы төрөлдүм. Менин атам диний окумуштуу болчу жана мени өзүнүн жолун жолдойт деп ойлогон. Бирок мен Кабул университетинде солчул саясат менен таанышып, 1965-жылы орус революцияларынын идеяларына шыктанып, Афганистандын Элдик-демократиялык партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калдым. Мен ошондой эле акын жана жазуучумун, менин чыгармаларым орус жана советтик блоктун башка тилдерине которулуп, жакшы кабыл алынган.

Бул сүрөт 1973-жылы азиялык жана африкалык жазуучулардын Казакстанда болгон конференциясында тартылган. Мен Советтер Союзу менен сыймыктанчумун. Менин жазуучулук ишмердигиме дагы, бүт жашоомо дагы анын таасири абдан олуттуу болду.
Сулейман Лайк, Кабул

КЫРГЫЗСТАН
1967-жылы октябрь революциясынын 50 жылдыгына карата мен советтик балдар уюмуна өтүп, пионер болдум. Мен анда он жашта болчумун. Биздин айылдык клубга эл толтура жыйналды. Мен кызыл галстук байландым.

Баарыбыз Ленин жөнүндө ырлардан жатка айтып беришибиз керек эле. “Ал бизге келечек берди, ал бизге билим берди! Ильич шамы биздин өлкөдө эч өчпөйт” деп күчүмдүн жетишинче кыйкырганым эсимде.
Мен ырды жакшы айтканым үчүн жергиликтүү жазуучунун китебин белекке алгам. Мунун баары кечээ эле болгондой сезилет. Андан бери көп нерсе өзгөрдү, бирок мен бул учурду эч унутпайм.
Ѳндүрүш Токтоназаров, Бишкек

Эң кызыгы, башкалар дагы аны кайталап дуба кылышты. Сиз элестетип көрүңүз, дүйнөдөгү эң улуу атеисттин мүрзөсүндө туруп алып Куран окуп жатканын! Арткы планда: Москвадагы Кызыл Аянттагы Лениндин мавзолейиндеги кезек күткөндөр. 1963-жыл, 17-апрель
Бирок кайтарган аскерлер да унчугушкан жок...
Биз көчөгө чыкканда ал мага бурулуп: “Көрдүңбү, бул элге жакты, а силер коркуп аттыңар эле” деп айтты.
Профессор Хабибулло Ходжораев, Ходжент

МАЛИ

Бул 1979-жылы Ленинградда октябрь революциясы майрамында түшкөн сүрөтүм. Мен калың пальто менен тери тумак кийип турам. Конго, Вьетнам жана Россиядагы досторум менен. СССРде 1972-82-жылдары искусство менен археологияны окугам. Бул менин жашоомду кыйла эле өзгөрттү. Мен азыр деле Россияны жакшы көрөм, ошол убакты сагынам. Революциянын идеалдары бизди интеллектуалдык жактан өстүрдү. СССРдеги билим берүү системасын абдан баалайм. Малидеги билим берүү системасы менен салыштыра берем, анткени биздин системада дагы эле кемчиликтер көп.
Умар Камара, Бамако

РОССИЯ

Бул мен бала бакчадагы өзүмдүн группам менен. Революцияны майрамдаган ар жыл сайын бизде өзгөчө концерт болор эле. Биздин мугалимдер Ленин жер үстүндөгү эң мээримдүү жана эң акылдуу адам деп айтышчу. Мен алтыга чыкканда, апам мени тиш доктурга биринчи жолу алып барды. Мен коркуп жаттым. Коридордо бир аз мүнөткө Лениндин айкели менен жалгыз калдым. Ошондо анын жанындагы отургучка чыгып, Ленинди бетинен бир өөп алдым. Ал мага күч жана дем берет деп ишенип алган элем.
Оксана
ИНДИЯ
Менин апам Лакшми Сваминадхан революциядан кийинки жылы төрөлүп, анын таасири алдында чонойду. Үй-бүлөнүн жакын досу революционер болчу, ал көп айлап үйүнөн чыкпай, жашынып жатчу. Ал менин апамды Интернационалды ырдаганга үйрөтүп, революциянын тарыхын айтып берчү экен.
Ошол таасирдин аркасы менен апам акыры 1971-жылы Индиянын Коммунисттик партиясына мүчө болуп кирген.

Мен марксизмди окуй баштаганда гана Советтер Союзунун жашоосу жана анын өзүнүн элинин шорунан алынган күчү Куба жана башка өлкөлөрдөгү революциянын ийгиликтүү болушу үчүн зарыл болгонун, революциядагы орус аялдарынын таң калаарлык ролун түшүндүм.
Субхашини Али, Капнам, Уттар-Прадеш
РОССИЯ

Бул менин 1981-жылы акыркы класстагы сүрөтүм. Мен Коммунисттердин жаш лигасы – Комсомолдун мүчөсү болгонума абдан сыймыктанчумун жана дале сыймыктанам. Азыр алыста калган Совет учурларын сагынып эстейм. Анда мен абдан бактылуу элем. Апамын Владимир Лениндин атынан Владлен деген досу бар эле. Ал ошондой эле “Эл аралык коммунисттик интернационал” сөзүнүн кыскартылганынан келип чыккан Ким аттууларды таанычуу. Мага бул ысымдар дагы деле жагымдуу.
Ирина Прокофеева.

ИРАН
Мен Октябрь революциясына байланыштуу аңгемелер жана ал барабардыкты алып келгени тууралуу сөздөр менен чоңойдум. Бул 1979-жылы Иран революциясына катышкандар үчүн эргүү болгон.

Тогуз жыл кийин мен биринчи жолу чет жерге чыгып, Болгарияга бардым. Мен ал жердеги жакырчылыктын деңгээлине таң калгам. Софиядагы Лениндин чоң эстелигинин алдында туруп биздин революция жана Шахтын кулаган эстеликтери тууралуу ойлой баштадым. Лениндин эстелиги да куласа деген бир сезим пайда болду. Ал үч жылдан кийин орун алды.
Фараж, Лондон

ТҮШТҮК АФРИКА
1986-жылы 18 жашымда Түштүк Африка Коргонуу күчүнө кошулдум жана түндүккө, Ангола менен чек арага Советтер союзу колдогон күчтөргө менен согушка жиберилдим.
Мен революциялык коммунисттик коркунучка каршы согушуп жатып апартеид бийлигинин пропагандасына канчалык ишенгенимди билбейм. Шаардын сыртынан келген ак бала катары мен саясатты анчалык түшүнө берчү эмесмин. Мен апартеид идеясына каршы болчумун, бирок олуттуу бир каршылык көрсөтүү үчүн терең саясий түшүнүгүм жок болчу. Мен өтө каалабай эле кошулдум, бирок өзүмө апартеид маселесин түшүнгөн Коммунизмге каршы күрөшүп жатабыз, ал болсо кансыз согуш, ошондуктан согушушубуз керек дечүмүн.
Ал мол тажрыйба болду
Машыгуу учурунда алар бизге апартеидге каршы кандай гана оппозиция болбосун же коммунист же коммунисттик идеяны жактагандар деп үйрөтүшчү. Бирок мен алардын көбүн кулагымын сыртынан кетирдим.
ТАЖИКИСТАН
1980-жылдары Тажикистандагы мектепте досторум мени москвалык бала дешчү. Анткени мен Москвага барган жана Лениндин мавзолейин көргөн класстагы жалгыз окуучу элем. Биз Ленин жакшы адам деген ой менен тарбияландык. Советтер союзу таркагандан бир жыл мурда мен Москвага кайра бардым. Анда Ленинди эч ким капарына албай, анын мавзолейине караганда McDonalds алдында кезек көп болгонуна аң-таң калдым.

Дариюш, Лондон

ӨЗБЕКСТАН
Менин чоң чоң энем Зубаида хиджаб кийүүгө каршы Самарканддагы биринчи аял болгон. Ал революциядан кийин Борбор Азияда аялдардын тең укуктуулугу үчүн иш-аракетке активдүү катышкан.

Кызык, андан жүз жылдан кийин, СССР бузулган учурда чебереси - менин хиджаб кийүү тандоомо ал кандай карамак болду экен. Жолдошумдун бүлөсү динчил болгондуктан мен ушундай кийиндим.
Бирок убакыттын өтүшү менен Өзбекстанда ислам менен хиджабга көз караш өзгөрүүдө. Мен аспирантурага тапшырып жатканда, мага акырын жоолугуңду чечпесең эч качан кирбейсиң деп айтышты.
Мага эшиктер жабыларын жана динди же коомду тандашым керек болоорун билем.
Мен принципиалдуу адаммын жана кандай кылыш керек болсо ошондой кадам жасаганды жакшы көрөм. Мен же толук хиджаб кийшим керек эле же баарын чечишим керек эле. Акыры мен жоолугуму чечтим. Бул мени чоң чоң энем Зубаидага окшош, бир аз революциячыл кылды.
Шохи, Ташкент












