Лондондо Максим Бакиевдин соту өтүүдө

Бүгүн Лондон шаарында Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин соттук угуулары уланды. Ал 2006-жылы британиялык ишкерди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө. Максим Бакиев бул айыптоону четке кагып келет.

Бүгүнкү сот учурунда Максимдин атасы, мурдагы президент Курманбек Бакиев видео аркылуу түз байланышка чыгып көрсөтмө берди. Соттук угууларга кабарчыбыз Акчолпон Койчиева катышты.