Тоңгон көлдөр жана тоолор менен курчалган Батыш Монголиянын көчмөн казактарынын беш күндүк сапары.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бүркүт менен аң уулоого уста Батыш Монголиянын казактары көчмөн жашоо кечиришет жана төрт түлүгү менен ар айым кыймылда. Февраль менен апрелдин ортосунда 200 чакты үй-бүлө Алтай тоолорун аралап, 150 чакырымдык сапарга чыгышат. Бул алардын беш күндүк убактысын алат. (бардык сүрөттөр Тимати Аллендин автордук укугунда - www.humanplanet.com)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Шохандын кыштоо үйү. Шохан үй-бүлөсү жана мал-жаны менен жазгы турагынан жүк ташуучу унаа менен келет. Бирок кой-эчкилер жаңы жана жашыл жайыттарды табуу үчүн тоодон тоо ашып өтүшү керек.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул үй-бүлөнүн жолго чыгаардан мурунку акыркы тамагы. Сүрөтчү Тимати Аллен айткандай, ал эт жана чайдан турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул мал-жандыктар өзүнүн кыштоо жайынан тоолорго багыт алуудан мурун Улаанхус айылына барат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шохан өзүнүн бөлөсү жана кошунасы менен көчүп жүрөт. Алардын иттери менен жандыктары кошулуп 500 башты түзөт, анын ичинде жылкылар, топоздор, төөлөр, Кашмир эчкилери, койлор жана уйлар бар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саякат жолунун кар жатпаган жагында шамал бир заматта будуң-чаң салышы ыктымал. Мындай учурда мал ээлери жандыктарды курчоого алып, шамалдын кетишин күтүп турушат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жер Монголия бийликтери тарабынан салынган узун жолдо эс алуучу сарай. Аба ырайынын катаал шарттарында мал ээлери бул жерде түнөшөт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шохандын алтын бүркүтү төөлөрдүн бирөөсүнүн артында сапарга чыгат. Алгыр кушту сууктан сактоо үчүн аны жылуулап орошот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мал жогоруга чыккан сайын аба ырайы өзгөрүп, шарттар катаалдайт. Батыш Монголияда акыркы кыш абдан кургак өттү, кээ бир жерлерде кар жок.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шохан мал-жандыктарын төл учуру келээрден эртерээк, феврал айында көчүрүүнү туура көрөт. Март жана апрель айларына караганда бул кыштын айы көчүү үчүн оор болсо да, чабандар төл убагында мал кыйналбасын деген максат коюшат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төөлөр тоңдурулган эт жана меш ташып жүрүшөт. Суук түндөрдө жылуу тамак жасоо үчүн бул абдан маанилүү. Тамактын бир бөлүгү кийинки күндүн түшкү тамагы катары сакталат. Көчмөндөрдүн азык-тулүгүн оор болгон эт жана сүт азыктары түзөт. Батышта өстүрүлгөн жана импорттолгон жашылча- жемиштер мындай ызгаарда дароо тоңуп калмак.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чабандар келгенде жепирейген үйлөр дароо толот. Алар мал терилерин жамынып укташат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чабандар сай жана дарыяларга келгенде мал-жандыктар тоңуп калган муз үстүнөн өтүүдөн коркушат. Бул учурда көчмөндөр баткак жана топурактар менен жаныбарларга жол жасашат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кышында көлдөр таштай болуп тоңуп калганда кой-эчки андан өтүүдөн коркот. Чабандар жаш малдарды алдынан тартып, короого жетүүгө жардам беришет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Топоздор негизинен кышкы шамалга оңой менен алдырышпайт. Бирок мал ээлеринин жалгыз корккону – кар учурган катуу шамалдар. Айлана аппак болуп, көзгө эч нерсе көрүнбөйт жана мал-жандыктар жоголуп кетиши ыктымал.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Шохан. -40C суук түндөн кийинки таң. Ал аба ырайы бузулуп кете электе, күндүн алгачкы нурлары менен малын ойготуп жолго чыгат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төөлөр сапар учурунда жашоого керек болгон бардык буюмдарды ташып жүрүшөт. Бирок көчмөндөр катаал абага тушукканда жана алар түнөөчү сарайлар толуп калганда гана токтоп эс алууга муктаж.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кошуна үй-бүлөлөр көпчүлүк учурда бирге сапарга чыгышат. Башка көчмөндөр менен мал кокустан аралашып кетсе, аларды бөлүү кыйын иш.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көчмөндөр өздөрү менен алыскы толкундарды кармаган радио кабыл алгычтарды ташып жүрүшөт. Жаңылыктардан катаал аба ырайы тууралуу сөз айтылганда, токтоп турууга туура келет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беш күндүк сапардан кийин Шохан өзүнүн Таван Богд улуттук парктагы жазгы үйүндө аялы Перна менен жолугушат. Бул үй-бүлө бир жылда алты жолу жайлоолордун арасында саякаттап жүрүшөт.