Кыргызстанда жаңы лидерлер пайда болот

Аскар Акаев Борбор Азия мамлекеттери эгемендик алган жыйырма жылдын ичинде бийликтен ажыраган биринчи президент (экинчиси - аны бийликтен сүрүп чыгарып, кийин кайра өзү экинчи ыңкылапта сүрүлүп чыгарылган Курманбек Бакиев болгон). Мисалы түркмөн президенти Ниязов өмүрү өткүчө президент болуп турду.

Анын оордун баскан адам дагы өмүр бою президент болчудай. Ал эми президенттерин бир нече жолу алмаштырган Кыргызстанда лидерлик кризис болуп жатабы? Лидерлик кризис дүйнө жүзү боюнча болуп жатат, деп жүйө келтирген Акаев, Кыргызстанда жаңы муундагы лидерлер пайда болооруна аз калганын айтып, алар кантип илгелип чыгаарын ортого салды.