Кадыржан Батыров: Соттун өкүмүнө макул эмесмин

Кыргызстан сот өкүмү менен өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровду өткөрүп берүү жөнүндө Швецияга кайрылмакчы.

Бирок бул өтүнүч Кадыржан Батыровдун Швециядан саясий баш паанек алганы жөнүндө маалымат дипломатиялык жол менен расмий такталгандан кийин гана жиберилет.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы Швецияда Кадыржан Батыровдун өзү менен байланышып, Кыргызстанга барып соттун чечимине каршы арызданасызбы? Мындан аркы аракеттериңиз кандай болот? - деп сурады.