АКШ базасы, Кыргызстан жана Иран жөнүндө. Дипломат Талант Кушчубеков

Талант Кушчубеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талант Кушчубеков

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Кыргызстанда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Алмаз Атамбаевди куттуктады.

Жакында эле маектеринин биринде Алмаз Атамбаев, кокус Америка Кошмо Штаттары менен Иран кагылышып кетсе, Кыргызстан Америка базасы үчүн жабыркап калышы ыктымал, деп айткан.

Иран атомдук мкурал жасоого умтулууда деген МАГАТЭнин тыянагынан кийин АКШ - Иран мамилеси ансайын курчуй турганы айтылууда. Батыш маалымат каражаттарында Израильдин Иранга кол салышы мүмкүн экендиги тууралуу пикирлер айтылууда.

Андыктан Кыргызстандын Иран маселесине карата позициясын талкулоону чечтик. Би-Би-Синин суроолоруна дипломат Талант Кушчубеков жооп берди.