Эксперт: Алматыдагы окуяны өзүнчө караш керек

Видеонун түшүндүрмөсү, Эксперт: Алматыдагы окуяны өзүнчө караш керек

Мунай менен газга бай Казакстанда акыркы окуяларга чейин дагы калктын турмуш-тиричилигине байланыштуу каршылык акциялар болуп келген. Стабилдүүлүктү туу туткан Казакстанда эмне себептен учурунда чара көрүлгөн эмес?

Би-Би-Си бул суроолор менен Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдинге кайрылды.

Ал бул окуялардын түпкүрүндө көп жылдар бою токтобогон коррупция, жакырчылык, пандемия учурунда өкмөттүн туура эмес жасаган саясаты турарын айтты.

Акежан Кажегелдин бийликтен кеткен, Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын, тегерегинде жүргөн адамдардын саясатын сынга алды.