Адам укугу: мэрия кир аба үчүн олчойгон айыпка жыгылбайлы десеңер...

Видеонун түшүндүрмөсү, Адам укугу: мэрия кир аба үчүн олчойгон айыпка жыгылбайлы десеңер...

10-декабрь адам укугунун күнү белгиленет. Бул даталуу күндүн тамыры 1948-жылга барып такалат. Ошол жылдын 10-декабрь күнү Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде атайын декларация кабыл алынган.

Би-Би-Си aдам укугунун күнүнө карата Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков менен кенен маек куруп, экологиялык укук маселесин дагы талкуулады.