Би-Би-Синин "100 айым" долбоору

Видеонун түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин "100 айым" долбоору

Би-Би-Синин "100 айым" долбоору 2020-жылдагы дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын тизмесин жарыялады.

Быйыл "100 айым" өнөктүгүндө дүйнөдө олку-солку абал түзүлүп, коронавирус пандемиясы маалында өзгөрүүлөрдү алып келген, планетаны жакшырткан айымдардын ысымы аталды.

2020-жылдын тизмесине Финляндиянын жалаң аялдар түзгөн коалициялык өкмөттүн башчысы Санна Марин, Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан топтун башчысы Сара Гилберт, Ухан шаарындагы катаал карантин учурунда жашоо-турмушту дүйнөгө чагылдырып турган Фанг Фанг, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшкөн түштүкафрикалык ырчы Захара сыяктуу аялдар кирди.