Сиздин өлкөңүздөгү эң белгилүү обондор кайсылар?

Видеонун түшүндүрмөсү, Сиздин өлкөңүздөгү эң белгилүү обондор кайсылар?

21-сентябрь Дүйнөлүк альцгеймер күнүнө карата Би-Би-Си атайын өнөктүк өткөрүп, көпчүлүктүн жүрөгүндө калган ырлардын тизмесин түзүүдө. Бул өнөктүккө кыргыз обондорунун дагы тизмесин түзүп, элүү ырды тандап алабыз. Ал Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы түзгөн тизмеге киргизилмекчи.

Жашы өткөн сайын карыялардын кыймылы азаят. Жакындар ортосунда байланыш үзүлүп калышы мүмкүн. Азыркы учурда дүйнөдө деменциядан жабыркаган адамдар саны 50 миллионго жетти. Кеңири тараганы илдет болгону менен, ага даба жок. Соңку изилдөөлөр музыка деменцияга кабылган адамга мурда болгон окуяларды эстөөгө жардам берерин тапты.

Обондуу ырларды, тандоодо профессионал музыканттар, аткаруучулардан тартып, эл арасындагы ырга шыктуу кишилерге чейин маектерди алып, элүү ырды тандап алабыз.