Бишкек: Согуштан кайтпаган кыргызстандыктар эскерилди
Бишкектеги Жеңиш аянтында Экинчи Дүйнөлүк согушка кетип, бирок кайра мекенине кайтпаган, ошондой эле дайын-дареги жок жоокерлер эскерилди.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 350 миңден ашык адам катышып, анын ичинен 160 миңден ашыгы кайтпай калган. Элүү миңден көбүнүн дайын-дареги белгисиз бойдон калганы айтылып келет.
Курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам берип келаткан "Эрдик-Подвиг" коомдук фонду жоголгондордун 1300дөн ашыгынын сөөгү коюлган жерин тапкан.