Telegraph: "Үкүлөр" пенсияга эрте кетет

Уктап жаткан кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Үкүлөр" өтө кеч жатып, чала уйкусун дем алыш күндөрү кандырып алам деп ойлойт

"Үкүлөр" дайыма күнүмдүк графикти кармап жүргөндөргө караганда үч эсе эрте пенсияга кетишет. Бул чала уйкудан улам бузулган ден-соолугуна байланыштуу деп жазды Daily Telegraph басылмасы.

Финляндиядагы Оулу университетинин изилдөөчүлөрү апта боюу чала уктаган кишилер ден-соолугун бузуп, иш жөндөмүн эрте жоготуп аларын айтууда. Ошондон улам эртелей пенсияга кетүүгө аргасыз болот. "Үкү" аталган кишилер түндөсү көпкө чейин уктабай жүрүшөт. Бирок ишке баруу үчүн эрте туруп кетүүгө аргасыз. Алар дем алыш күндөрү уктап алам деп ойлошот.

Изилдөөгө караганда өзгөчө тобокелчил топко организм үчүн зарыл болгон жети сааттык уйкунун толук уктабаган эркектер кирет. Алар эрте жатып, эрте тургандарга караганда пенсияга майып болуп чыгууга үч эсе жакын.

Адистердин айтымында түнкү уйку жети сааттан кем болбошу керек жана андан аз болсо ден-соолукка зыянын тийгизет.

Буга чейин Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматындагы "Иликтөө" (The Inquiry) деп аталган радио программа учурунда Берклидеги Калифорния университетинин нейробиология жана психология боюнча профессору Мэтт Уокер:

"Азыркы коомдо адамдын аз уктап, көп иштешин талап кылган түрдүү экономикалык жана социалдык кысымдар бар",-деп айткан эле.

"Мунун кесепеттери өтө кабатыр кылат,-деген Уокер. - 1940-жылдары кишилердеги түнкү уйкунун орточо узактыгы сегиз сааттан бир аз көбүрөөк убакытты түзгөн. Ал эми азыр болсо 6,7-6,8 саат уктайбыз".

"Мындай жол менен 70 жылдын ичинде биз уйкубуздун 20 пайызын жоготтук жана бул кыскаруу айлабызды кетирүүдө".

Азыркы доордо колубузда смартфон, түндөсү бир маалга чейин коомдук сайттарга убакытыбызды коротобуз. Изилдөөчүлөр кол телефон, планшет, телевизор, компьютерден түшкөн жарыктарды көк түстүү жарык чыгаргандар деп атап коет. Мына ушул көк түстүү жарык организмге уктоо тууралуу белги бере турган мелатонин гормонун иштеп чыгууну токтотот.