Темир жол кызматчысынан дүйнөлүк жылдызга айланган казак жигити

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы

Казакстандык музыкант Иманбек Зейкенов тууралуу New York Times басылмасы жазып чыкты. Темир жол бекетинде иштеген казак жигити рэпер Saint Jhn ырдаган Roses чыгармасын ремикс кылып, заматта дүйнөлүк атакка ээ болду, деп жазды басылма.

19 жаштагы Иманбек ата-энеси менен Казакстандын Павлодар облусундагы Аксу шаарында турат. Бул чакан гана шаар. Өткөн жылдын декабрына чейин ал жергиликтүү темир жол бекетинде иштечү. Кийин баары өзгөрдү. Бир жыл мурун Иманбек орусиялык коомдук сайттарга өзү жасаган ремиксти жайгаштырып койгон. Бир нече айдан кийин өтө таанымал киши болуп чыга келгенине өзү да таң калды.

"Мен ремиксти мыйзамсыз эле жасап салгам. Анткени музыканы алуу укугун билген эмесмин. Ошон үчүн коомдук сайтка жөн эле чыгарып койгом. Бир нече айдан кийин бүт дүйнөгө тарап кетиптир",-деп айтып берген Иманбек басылмага.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Roses ыры мындан төрт жыл мурун чыккан экен. Бирок эл аралык деңгээлдеги ийгилиги Иманбек менен байланышта. Жазында бул чыгарма бир нече апта британдык хит-параддын сап башында турду. Башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы сапта болгон.

Мындан түшкөн каражат Иманбекти музыка менен олуттуу алектенүүгө түрттү. Ошентип ал темир жол бекетиндеги ишинен бошогон. Азыр казакстандык музыкант менен кызматташууну көптөгөн белгилүү диджейлер сунуштап жатышкан экен.

Май айында даниялык диджей Мартин Женсен менен биргеликте I'm Just Feelin' чыгармасын иштеп чыгышты.

"Жакында эле Tiesto мага кат жазып, чыгармачылыгыма жакшы баасын берди",-деген Иманбек.

New York Times жазгандай Иманбек музыканы мурдагыдай эле эски ноутбугунда FL Studio программасы менен жазат. (AbA)