"Кыйноого кабылган уулум акылынан адашкан адамдай көрүндү"

Amina Hameed and her son Aras
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркия колдогон топтор Арасты кыйноого алып, анын курсагы жарылып, кулактары укпай калган
    • Author, Хевар Хасан
    • Role, BBC Arabic

Түркия Сириянын түндүгүндө "коопсуз тилке" түзгөнүн жарыялап, аймакка сириялык качкындар жайгаштырылат деп айтууда. Адам укуктарын коргогон уюмдар болсо, "коопсуз тилке" айрым азчылыктарга кооптуу деп чочулап жатышат.

Күрд кошуундары Анкараны аймактагы күрддөрдү куугунтуктап, теги күрд азчылыктарды сүрүп чыгарып, Сириянын түндүгүндөгү этникалык түзүлүштү өзгөртүүгө аракеттенүүдө деп айыптады.

Би-Би-Синин Араб кызматы "коопсуз тилкеге" кирген Африн шаарында жашаган жана аргасыздан Тал-Рифат шаарына качып чыккан күрддөр менен жолуккан.

Кайчылаш пикир

2016-жылы Түркия колдогон күчтөр Алеппо шаарынын түндүк-чыгышындагы Жарабулус, ал-Баб жана ал-Рай шаарларынан өздөрүн "Ислам мамлекети" деп аталган топту сүрүп чыгарып, аймакты колго алган эле.

2018-жылы март айында Түркиянын күчтөрү аскердик операция аркылуу күрддөр басымдуулук кылган Африн шаарын жана айланадагы кыштактарды көзөмөлгө алган.

Анкара дал ушул эки аскердик операциядан улам "тынчтык корридору" түзүлгөнүн белгилеп, эми аны кайрадан Сириянын түндүгүндө ишке ашырууну көздөп турганын маалымдады. Адам укуктарын коргогон уюмдар болсо, айрым кишилер куугунтукка кабылып жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

"Сотсуз өлүм жазасына тартуу, карактоо, өз үйүнө кайтып баргысы келгендерге жол бербөө сыяктуу фактылар Түркиянын "коопсуз тилкеси" тескерисинче, өтө кооптуу экенин айгинелейт. Түркия аскердик операция коопсуз аймакты түзөт дегени менен, алар колдогон топтор жайкын тургундарды куугунтуктап, айрым этникалык топторду кыйноого алууда",-деди Human Rights Watch уюмунун өкүлү Сара Леа Уитсон.

Aras Khalil
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арас кыйноого кабылгандан кийин оорулуу болуп калды

Үмүттөр үзүлгөндө

"Туулуп-өскөн Кастал Жендо кыштагынан Азаз шаарчасына, андан кийин Афринге качып чыктык",-деп эстеди Амина Хамид. Анын уулу Арас абалды текшергени өз кыштагы көздөй кетип, кайтып келген эмес.

Кийин 30 жаштагы Арасты Азаз шаарчасындагы көчөнүн боюнан табышкан. Аны "куралчан топтор токмоктоп, кыйноого" алышкан экен.

"Уулумдун кулактары укпай калыптыр, сол кулагын үч жерден кесишиптир жана ичке тепкенде курсагы жарылыптыр",-деп айтты Амина Хамид.

Амина 2016-жылдан бери дайынсыз жоголгон уулу тирүү эмес деп ойлоп, үмүтүн үзгөн. Жайкын тургундарды уурдап, кыйноого алып, өлтүргөнгө чейин барган учурлар көп катталгандыктан, Амина уулун кыштакты көзөмөлгө алган куралчан топ өлтүрдү деген "тыянак чыгарган".

Amina and her son Aras
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Амина баласына тамак берип, өзү кийинтип, тазалап калды

Уулун издеп жатканда, коркунучтарга карабастан Амина туулуп-өскөн кыштагына чейин барган.

"Алар мени шылдыңдап, кетип калбасаң сенин дагы тагдырың уулуңдукундай болот деп коркутушту".

Амина кыштактын айланасындагы талааларды кыдырып, уулуунун бут кийимин таап алган. Баласын өлтүрүштү деген тыянак чыгарган. Көп өтпөй Аминанын кошунасы байланышып, Алеппо шаарындагы ооруканада "тааныгандар болсо алып кеткиле" деген кулактандыруудан Арастын сүрөтүн көргөнүн айткан.

Арасты табуу

Арастын агасы Алепподогу ооруканага жетип барып, аны үйүнө алып кеткен. Тирүү деген кабарды уккандар Арас менен учурашайын деп топтолуп келишкен экен. Бирок баягы Арас жок.

Амина уулу "ымыркайдай болуп оролуп жатканын", катуу арыктап, акылынан адашкан адамдай көрүнгөнүн эстеди. Айласы кеткен Амина уулун биринчи жолу көргөндө ыйлап, эс-учун жоготуп жыгылган экен.

"Анын кулактары укпай калганын түшүндүк. Чынында, уулум эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жок",-дейт Амина.

Aras's left ear was torn in three places, a picture of his ear after three surgeries
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арастын кулагы жырылып, операция жасалган

Ооруканадагылар Арасты Азаз-Алеппо шаарына бараткан жолдо табылганын, бир нече ай бою бейтапканада жатканын, ур-токмоктон улам денеси көгөрүп, шишип, айрым жерлери күйгөнүн айтып беришкен.

"Анын жүзү таанылбай калган. Сабай беришип мурду, көздөрү шишип кеткен. Мага уулуң "киши болбой калды" деп эле аны жеткирип беришти. Алар курч бычак менен кыйнашыптыр, көтөн чучугун жана башка жерлерин кескилеп шылдыңдашыптыр",-дейт Амина.

Бир нече ай бою даарыланган Арас азыр деле баса албайт, отура да албайт. Керелден кечке жатат, сүйлөбөйт, тамак-аш дагы сурабайт.

"Мен тамак же суу бербесем, өзү бир күн кечке эчтеке жебей жата берет. Дарысын ичпей калса кыйкырып, мени деле уруп, түртүп кирет. Энеси экенимди деле түшүнбөй калды. Ошол мага баарынан оор тийди",-дейт Амина.

Учурда Амина күйөөсү жана уулу менен Тал-Рифат шаарындагы качкындар лагеринде жашайт. Ал дагы деле бир күнү өз үйүнө кайтып барууну каалайт.

Turkey's President Recep Tayyip Erdogan, speaking at the UN General Assembly, held up a map of the proposed safe zone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын президенти Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында "коопсуз тилке" идеясын түшүндүрүп жатат

Уурдоо, карактоо жана өлтүрүү

Учурда Лондондо жашаган Жамиля Африн шаарындагы куралчан топтор биртууган агасын уурдап кетишкенин билдирди.

"Бизге байланышка чыгып, акча доолашты. Биз 10 миң фунт стерлинг жөнөтүп, биртууганыбызды куткарып алдык",-дейт ал.

Сириянын түндүгүндө мындай мисалдар абдан көп. Шади Мустафа менен анын жубай Нисрин учурда Тал Рифаттагы качкындар лагеринде баш калкалап келет. Африндеги куралчан топтор Шадини бир нече жолу кармап, сабашкан. Ал акча берип кутулган.

"Бизге Африн коопсуз болуп калды, кайтып барсаңар болот деп айтышкан. Биз бул сөздөргө ишенип, кайтып бардык. Афринде мени күрд администрациясы менен кызматташкансың деп кайрадан камап, кыйноого алышты. Көзүмду байлап туруп, тепкилеп, денемди күйгүзүп шылдыңдашты",-дейт Шади.

Shadi was tortured by Turkish-backed factions in Afrin by burning his body with an an iron skewer
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шадини Африндеги куралчан топтор кыйноого алган

Бириккен улуттар уюмунун сентябрь айында жарыяланган баяндамасында "куралчан топтор жана криминалдык топтор бай деп саналган теги күрд жайкын тургундарды уурдап" жатканы айтылат. Алар согушка чейин дарыгер, ишкер же соодагер болуп иштеген.

"Түркия өзү колдогон топтордун кылмыштарына көзүн жумуп коюп жатат. Анкара бул аймактарды көзөмөлгө алгандан кийин алар колдогон топторго жооптуу экенин дагы эске салалы. Түркия тергөө иштерин жүргүзүп, күнөлүүлөрдү жоопко тартышы керек",-дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Уитсон.

Syrian school children are seen at their classroom al-Caviz village with Turkish flags and balloons

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сириянын Африн шаарынын мектептерине Түркиянын желеги илинген

Түркиянын расмийлери болсо Сириянын түндүгүндө күрддөргө каршы эмес террордук деп саналган Күрддөрдүн элдик кошууну менен Күрд жумушчулар партиясына каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтууда. Учурда Африн аймагы Түркиянын Хатай менен Килис администрациясына кошулган. Мурда күрд администрациясы менен кызматташкандар Анкарадагы түрмөгө камалган.

Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калин жакында жарыяланган маегинде Түркия колдогон топтор адам укуктарын тебелегени боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Макаладагы айрым каармандардын ысымдары коопсуздук үчүн өзгөртүлдү.