Опиоид кризиси: Purdue Pharma 10-12 миллиард доллар доого жыгылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкалык фармацевтикалык компания Purdue Pharma опиоиддик кризис жөнүндө иш боюнча өзүнө каршы берилген эки миңден ашык доо арызды жөндөө үчүн 10-12 миллиард доллар төлөп бермекчи болуп жатат.
Опиоид кошулган дарылар АКШда 20 жыл ичинде 400 миң адамдын ашыкча дозадан өлгөнүнө себеп болду деп жатышат.
Миллиардер Саклерге таандык болгон бул компания ооруну баса турган OxyContin деп аталган күчтүү дары чыгарат. Ошондуктан бул компанияны коркунучтуу жана адам көнүп кала турган опиоид кошулган дары сатып байыган деп айыпташууда.
Опиоид кризиси деген эмне?
Опиоиддер - бул морфин, кодеинден баштап героин, метадон сыяктуу ар кандай баңгизаттардын кошундусу.
Рецепт менен сатылган опиоиддер ооруну басуу үчүн колдонулат. Ал адамды эйфорияга салып, өзгөчө курч сезимге бөлөйт. Аны колдонгон адамдын организми көнүп көз каранды болуп калат.
Опиоид кризиси АКШда 1990-жылдарда башталган. Бирок азыркыга чейин бул баңгизат менен күрөшүүнүн бирдиктүү стратегиясы жок.
Медициналык STAT басылмасынын баамында, эгер чукул чаралар көрүлбөсө, АКШда жакынкы он жылда опиоидди дозадан ашыкча колдонуу 500 миң адамдын түбүнө жетиши мүмкүн.
АКШнын президенти Дональд Трамп 2017-жылы жазында опиоиддик кризис менен күрөшүү үчүн президенттик комиссия түзгөн. 2018-жылы опиоиддик кризиске саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал статусун ыйгарган. Бул баңгимандарга жардам көрсөтүү жана бул баңгизаттардын көмүскө базарда жайылышына бөгөт коюу боюнча зарыл чаралардын комплексин карайт. (КС)













