“Мындай операцияларды өткөрүүдө, албетте,
күндүз, кечке маал өткөрүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Дегеле мындай
операцияларды адам жашаган жерде, жергиликтүү айылда болобу же аларды коргой
турган жактоочулар көбүрөөк жерде өткөрүүдөн мурун саясий жактан, стратегиялык
жактан изилдөөлөрдү жасаш керек болчу”,-деди генерал Артур Медетбеков.
“Кыргызстандын ар кайсы аймактарында соңку
убакта курч жаңжалдар орун алды. Мунун себеби
мыйзамдуулуктун сакталбаганы. Буга чейин болгон эки жолку бийлик алмашуунун
синдрому көпчүлүктүн мээсине сиңип калган. Алар бийликке каршы митинг өткөрүү
жолу менен өздөрүнүн ар кандай талаптарын койгусу келет. Баарыбыз ошенте
берсек, ар кандай топтор саясий оюндарды жасай берсе, мамлекеттүүлүккө доо
кетет. Өтө оор абал жаралышы мүмкүн.Кече Атамбаевдин
жактоочулары эмоцияга алдырып, балким спирттик ичимдик ичкен адамдар атайын
даярдыктагы аскерлерге каршылык көрсөтүп, сабап, курал көтөргөнү -мыйзамды
одоно бузгандык.Алмазбек
Атамбаев өзү курал колдоном деген билдирүүлөрдү жасабадыбы. Менде эле курал бар
болчу, мен аткам деди. Кандай гана болбосун атайын аскердин өлүмү, айрымдарынын
барымтага алынганы, укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү боюнча кылмыш иши
козголуп, Атамбаев жана анын тегерегиндеги адамдар күбө катары эмес,
айыпталуучу катары суракка тартылыш мүмкүн. Атамбаев өзүнө оор кылмышты тагып
алды. Эртеби, кечпи аскерди атып өлтүргөн адам жоопкерчиликке тартылат. Мындай
окуя башыбыздан өткөн. Ошондуктан жоокерге ок чыгарган адам өзү келип, укук
коргоо органдарына барышы керек”,-дейт генерал.