Талапкер Элдар Абакиров №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкер Элдар Абакиров Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылып, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды.
Талапкер өз арызында Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында добуш сатып алуу фактысы катталганын белгилеп, буга социалдык тармактарга тараган видеону мисал келирип, аны арызына тиркеген.
"Интернет тармактарында Калмак-Ашуу айылында добуш сатып алууга аракеттенүү максатында 460 миң сом акча каражаттары менен 5-6 адам кармалганы боюнча маалымат ачык жарыяланып жатат. Ал акчалай каражат асмандан түшкөн жок, ээси бар. Ошондуктан бул факт боюнча иш аягына чыгышы керек жана 460 миң сомдун ээсин табуу керек деп ойлойм. Бул акчалай каражатты берген талапкерди аныктап, аны четтетүүнү же болбосо №26 көп мандаттуу шайлоо округугунун жыйынтыгын жараксыз деп табууну жана кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылам" деп айтылат арызда.
Абакиров №26 көп мандаттуу шайлоо округунун айрым талапкерлер буга чейин да добуш сатып алууга аракеттенгендиги үчүн расмий түрдө эскертүү алганын, бул факт шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу компетентүү органдар тарабынан катталганын белгилиген.
Талапкер Абакров ошондой эле, активдүү үгүт жүргүзбөгөн жана өз программасын элге толук тааныштырбаган талапкерлердин округ боюнча эң көп добуш алганы чоң күмөн жаратып жатканын белгилейт.
БШК өкүлү Абыджапар Бекматов шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Элдар Абакировдун арызын көрө электигин билдирди.
Ошондой эле ал келип түшкөн бардык арыздар каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынганын айтты. Бекматов буга чейин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча даттануулар болбогонун кошумчалады.
Буга чейин социалдык желелерде "Кеминде добуш сатып алуу аракети менен кармалгандар болуптур" деген маалымат чыгып, бирок ал боюнча расмий органдар маалымат бере элек.
30-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. БШКнын соңку маалыматына ылайык, өлкө ичинде бул шайлоодо 1 миллион 583 миңден ашуун киши добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,87 пайызын түзөт.
30 округда кайсы үч талапкер алдыга озуп чыкканын Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын интерактивдүү картасынан көрө аласыз.
Алдын ала жыйынтыктар боюнча №26 көп мандаттуу шайлоо округунан талапкерлер Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев алдыда келе жатат, ал эми гендердик квота боюнча Жамиля Исаева мандат алары күтүлүүдө.










