Орусиянын десантниктери курчоого алынган Харьков шаарына түшкөнү жөнүндө мурдараак тараган маалыматты Украинанын армиясы тастыктады.
Украинанын күчтөрү берген маалыматка ылайык, абадан урулган сокку Харьковдо жана анын айланасындагы аймакта абадан айгай салынып жаткан чакта башталган.
Билдирүүдө кошумчалангандай, орус күчтөрү аймактагы аскердик ооруканага чабуул коюп, салгылаш дале жүрүп жатат.
Эң көп орус тилинде сүйлөгөн шаарда азыр таңкы 07:00 болоюн деп калды.
Харьков Украинада акыркы күндөрү жаңжалдан эң көп жабыркаган жайлардын бирине айланды.
Шейшембиде Украинанын экинчи ири шаарынын административдик имаратына жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөрдө ракета келип тийген. Натыйжада асманга от шары чачырап, машинелер менен жакын турган имараттар өрттөнгөн.
Дагы бир сокку шейшемби күнү кийинчерээк Харьковдогу адамдар отурукташкан аймакка урулган. Украинанын президенти Владимир Зеленский аны согуштук кылмыш деп атады.
Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн билдиришинче, шейшембиде Харьковдо бери эле дегенде 17 киши мүрт кетип, ондогон адамдар жаракат алышты.
Айрым эксперттердин ою боюнча, адамдар отурукташкан аймакка кол салуу менен Орусия Украинанын согушуу кудуретин алсыздантууга аракет кылган болушу мүмкүн.