КР ӨКМдин соңку маалыматы боюнча, чек арадагы айылдардан
болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Алардын 10410 коопсуз аймактагы үйлөргө
көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.
Берилген маалыматка ылайык:
Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар
а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын болжол менен
6000 ге жакын тургуну Рават айылына убактылуу көчүрүлдү;
Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына,
Интернационал айылынын 1000дей жараны Кайрагач айылына көчүрүлдү;
Ошондой эле, Мурза-Патча, Сада аймагынан, Ак-Арык жана
И.Раззаков айылынын жергиликтүү жашоочулары Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды;
Ага катар эле, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей
жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги үйлөргө жайгаштырылды.
Азыркы тапта эвакуация болгон жарандар дарыгерлердин
көзөмөлүндө болуп, зарыл болгон каражаттар менен камсыздандырылды.
Баткен облусундагы абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде ӨКМдин иш-чараларын кординациялоодо.
Маалымат ӨКМдин расмий вебсайтында жарыяланды.