Кумтөр боюнча акыркы сүйлөшүүлөрдүн жайы

Бишкекте бир нече күндөн бери Кумтөр боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Расмийлер бул финалдык сүйлөшүүлөр деп билдирген.
Ага «Centerra Gold Inc.» компаниясынын юристтери катышууда. «Кыргызалтын» акыркы сүйлөшүүдөн кийин «Centerra» Кыргызстан сунуштаган долбоордун негизинде өз вариантын даярдап келээрин айткан. Кирешеси 50/50 үлүштүк долбоор боюнча эки тараптын кандай кайчы пикири бар экени ачык айтыла элек.
Кумтөр боюнча Бишкекте жүрүп жаткан сүйлөшүүгө кыргыз өкмөтү, кыргыз тараптын эл аралык консультанттары, юристтери жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын өкүлдөрү катышууда. Каралып жаткан маселелер тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Торалиева билдирди.
«Негизинен Кумтөрдү кайра түзүү боюнча ача пикирлер талкууланууда. Жаңы түзүлчү орток ишкананы башкаруу, экологиялык жана каржылык маселелер каралып жатат. Алардын юристи Франк Херберт, юрист Юзеф Рехман, «Sullivan & Cromwell” жана «Cormarksecuritiesinc.» компанияларынын юридикалык консультанттары келди».
Буга чейин «Кыргызалтын» 50/50 үлүштүк жаңы ишкана боюнча долбоордо эки тараптын пикири келишпеген жерлер бар экенин билдирген. Бирок анын майда-чүйдөсү ачык айтыла элек. Ишкана жетекчиси Токон Мамытов бүгүнкү сүйлөшүүгө өкмөт гана катышып жатканын билдирди.
«Юридикалык, экологиялык маселелерге «Кыргызалтындын» тиешеси жок. Ошондуктан биз сүйлөшүүгө катышкан жокпуз, аны өкмөт жүргүзүп жатат. Башындагы уюштуруу сыяктуу маселелерди биз жасап бергенбиз».
Москвада 19-декабрда телекөпүрө аркылуу өткөн акыркы сүйлөшүүдөн кийин Мамытовдун орун басары Кылычбек Шакиров «Centerra» жаңы ишкана боюнча өзүнүн долбоорун «Кыргызалтындын» долбоорунун негизинде даярдамай болду деген.
«Centerra «Кыргызалтын» сунуштаган варианттын негизинде иштөөгө макул болду. Ага өзүнүн кошумчаларын дагы киргизет. Биз майда-чүйдөлөрүн сүйлөшүп келдик, алар көпчүлүгүн кабыл алды, макул болбогондорун Бишкектеги жолугушууда сүйлөшөлү дедик».
Жаңы ишкана түзүү боюнча сүйлөшүү башталганда канадалыктар жоопкерчилиги чектелген коом, кыргыз тарап ачык акционердик коом түзүүнү сунуштаган. Акырында акционердик коом кылмай болушкан. Айрым эксперттердин айтымында, канадалыктар өкмөттүк комиссия чыгарган экологиялык чыгым тууралуу чечимдерди жана ишкананын мурдагы жетекчилерине козголгон кылмыш ишин жокко чыгаруу шартын коюуда. Кылычбек Шакиров «Centerra» компаниясына кылмыш иши мыйзам жолунда гана чечилет деп айтышканын билдирген.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Актилек Түнгатаров канадалык компаниянын долбоору белгилүү эмес болчу дейт. Ал «Centerra»кыргыз тараптын долбооруна каршы чыгыш мүмкүн болгон учурларына токтолду.
«Биздин парламенттин айрым фракциялары алгач Крыгызстандын үлүшү 67 пайыз болсун дешкен. Барабар үлүштү аягында гана колдошту. Мындан улам «Centerra» буга каршы чыкпаса керек. Кийинки маселе – кыргызстандыктардын башкарууга келүүсү, менимче буга деле каршы боло турган себеп жок. Маселе – балким, алдыда башкаруучу кыргызстандыктардын саны көбөйсүн дегенде болуп жатат. Анткени канадалыктар «Кыргызстанда башкаруу оор, адамдар таза иштебейт, коррупцияга малынган» деген пикирлерди карманышы мүмкүн деп божомолдосок болот», - деди Түнгатаров.
«Кыргызалтын» экологияны булгабоо, көбүрөөк киреше алуу жана Торонтодогу активдерди Кыргызстанга алып келүү сыяктуу үч негизги кызыкчылыкты коргоого умтулуп жатканын билдирген.
Кыргыз тараптын эл аралык консультанттары катары DLA Piper, Price Water House Cooper компаниялары жана экологиялык маселелер боюнча AMEC компаниясынын өкүлдөрү сүйлөшүéгө катышууда. Алар 29-январга чейин келишкен.
Кумтөр алтын кени боюнча тең үлүштүк биргелешкен ишкана түзүү чечимин Жогорку Кеңеш өткөн жылдын жаз айларында колдогон. Кыргызстандын үлүшү азыр 33 пайыз. Айрым депутаттар кенди толугу менен улутташтырууну жакташат.









