Бексултан Жакиев дүйнө салды

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул жөнүндө анын жакындары кабарлашты. Соңку убакта жазуучу ооруп жүргөн эле.
24 жашында жазган эң алгачкы "Атанын тагдыры" пьесасынан баштап эле ал кыргыз адабиятына таланттуу калемгер катары кирген. Андан кийин жазган "Алтын аяк", "Күттүргөн жаз да келээр" , "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" жана башка чыгармалары кыргыз драматургиясынан өзүнчө көрүнүктүү орунду ээлеп, кыргыз театрынын сахнасында көп ирет коюлган эле.
"Устат дүйнөдөн өттү..., бирок анын таланттуу чыгармалары жашап жатат деп өзүбүздү сооротуп турабыз",-деп жазды Кыргызстандын театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов.
Бексултан Жакиев"баатырдык өмүр сүрдү" деп Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев "Фейсбукка" жазды:
"Бексултан Жакиев кыргыз маданиятынын патриархы, улут маданиятынын доору, бүтүндөй бир доор арабыздан акыретке жол алды. Кыргыз улут адабиятына титандык эмгек жасаган, улуттун унгу жузу, улуттун рух унгусу Бексултан агайбызды арабыздан жоготуп алып, арманыбыз көкүрөккө батпай турат. Доор - адамды, адам - доорду жаратат. Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле. Кыргыз театрынын Бакайы, дайыма жашоосунда курошчул духту туу кылып жашап өттү. Мыкты чыгармаларды жаратты. Улут театрын бийик деңгээлге көтөрдү. Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук анын адамдык жашоосу эле. Жарандык сезими, духу бийик инсан катары Улуттук баалуулуктарды, дөөлөтөрдү сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Кайран агайбыз, сөздүн чыныгы маанисинде Баатырдык өмүр сүрдү, бирок эч качан чындыгынан жанган жок. Биз дайыма агайдын акыл кебине, улуулук насаатына конок берип өстүк. Артынан шакирттерди калтырды, узанган чулу оюн ар бир адам жүрөгүндө калтырды. Бүгүн биз кыргыз легендасын акыркы сапарга узатканы турабыз. Чыныгы Легендага айланган инсан өмүрү Түбөлүктүү! Коош, агайым, устатым, улуу Устат!".






