УКМК: Июнь окуялары боюнча кызмат адамдарына тергөө башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү таратып, 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абадда болгон коогалаңга байланыштуу Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын кабарлады.
Билдирүүдө президент Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгону айтылат.
"2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө. Ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи",-деп айтылат билдирүүдө.
УКМК тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер тууралуу коомчулукка маалымдап тураарын кошумчалады.
2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон коогалаңда 400дөн ашуун киши каза таап, миңдегени жаракат алган. Ондогон кишилер дайынсыз жоголгон. Турак-жайлар, мекемелер өрттөлгөн эле. Окуяга катыштыгы болгон кишилерди жазага тартуу аракеттери он бир жылдан бери уланып келүүдө.
Жогорду УКМК маалыматында аты аталган Кадыржан Батыров 2010-жылдагы май, июнь айларындагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялар боюнча "улут аралык жаңжалды козуткан жана тополоң уюштурган" деп айыпталып, сыртынан соттолуп өмүр бою эркинен ажыратылган.
Кыргызстанда 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын корутундусунда Батыровдун чагымчылык ролу жөнүндө баса көрсөтүлгөн.
Кадыржан Батыров тергөө жана сот иштерине катышкан эмес, анткени кандуу окуялардан кийин эле өлкөдөн качып чыгып кеткен эле. Андан кийин Батыров интернет аркылуу интервьюларды берип, бул окуяларда күнөөсү жок экенин, кыргыз сотторуна ишенбей турганын айтып келген. Ал мындан үч жыл мурун чет өлкөдө каза тапты.










