"Коронавирус доорунда да адамдар саякаттай берет"

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эпидемиянын эл аралык картасында Кыргызстандын Бишкек жана Чүй өрөөнү гана сары түс менен көрүнүүдө, аны жашылга жеткирип, сырттан туристтерди тартууга болот. Негизги шарттардын бири аба каттамдарын көбөйтүш керек. Мындай оптимисттик пикирин билет.kg компаниясынын негиздөөчүсү, Flydubai компаниясынын Кыргызстандагы жана Казакстандагы өкүлү Айдар Окенов билдирди.
Ал туризм тармагындагы тейлөө жана сунуштар пандемия шартына ылайыкталса, адамдар саякаттоону уланта берет, анткени саякаттап көнүп калышкан деди.
"Дүйнөлүк басылмалар туристтер үчүн сунуш кылган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандын болушу жакшы маалымат. Жакында эле New York Times киргизди, ага чейин Guardian басылмасы сунуштаган. Аба каттамдарын чектөөлөрдү алып салуу боюнча мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү", - деди Окенов Би-Би-Сиге.
2020-жылы жыл башында пандемия башталганда эң оболу авиакомпаниялар банкрот болушту. Кыргызстанда өткөн жылы аба каттамдарды 70% жоготууга учурады. Окенов дүйнө өлкөлөрү учактарга өз чек араларын ачканына карабай, аба каттамдардын абалы оор бойдон калганын кошумчалады. Анткени билет баалары кымбат, санитардык талаптар катуу, кассаларда башаламандык бар.

Сүрөттүн булагы, RUSTEM ILYASOV
2019-жылы Flydubai компаниясы сырттан 20 миң чет элдик жүргүнчү алып кирсе, 2020-жылы анын жүргүнчүлөрү 6,6 миң гана болду. Океновдун айтымында, пандемияга чейинки жылдарда араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өсүп жаткан.
"Биз адамдардын эмне каалаганын жана алар саякаттай турганын так билебиз, - дейт Окенов.- Биз коронавируска каршы эмдөө аркылуу жеңишке жетебиз деп үмүттөнөбүз. Учууларды мурунку калыбына келтириш керек. Авиакомпаниялар арасында атаандаштык жогору болсо баалар төмөн болмок. Сыртка чыгуу үчүн ПЧР анализди тапшыруу арзан жана жеңил болсо жакшы болмок".
Кыргызстан эң көп катташып жаткан өлкө Орусия. Бирок Орусияга дале такай каттамдар жок болгондуктан билет баалары болжолдуу эки эсеге өстү. 2019-жылы Орусияга орточо билет баасы 129 доллар болсо, 2021-жылы январда 259 долларга тете болуп жатат. Океновдун пикиринде, талап жогору болгонуна жараша Орусияга каттамдарды көбөйтүүгө аракет кылыш керек.




