You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Минус эки деген бааны беребиз”: ыктыярчылар президентке элдин сын-пикирин жеткирди
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчыларды кабыл алды.
Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенден кийин жүздөгөн ыктыярчы жардамга келди. Жер-жерлерде демилгелүү топтор уюштурулуп, ооруканаларга жабдык, дары-дармектерге чейин алып берүүдө. Президент менен ыктыярчылардын он экиси жолуккан.
"Оору башталганда биз даяр болбой калганыбыз үчүн ким жеке жоопкерчиликти алат деген суроону бердим, маалыматты манипуляциялоо боюнча мыйзамга кол койбоого чакырдым. Ал жерде Аскат Алмаз уулу деген ыктыярчы "сиздин аппаратыңыз жана сиздин жумушуңузга минус эки деген бааны беребиз" деп айтты",-дейт жыйынга барган ыктыярчы Эркин Рыскулбеков.
Жыйынга катышкан дагы бир ыктыярчынын пикиринде, президенттин кээ бир маселелер боюнча маалыматы жок. Өлкө башчы ачыктык тууралуу дагы сөз кылды деди.
"Ачуу чындыктар айтылды. Баарын жазып алды, иштейм деди. Биз негизинен ооруканадагы башаламандыктар, айрым жерлерде врачтардын, жетекчилердин, президенттик аппараттын, өкмөттүн, анын маалыматтык саясатынын катачылыктарын айтып бердик",- дейт президент менен жолуккандардын бири журналист Тынчтыкбек Алтымышев.
"Кайсы өлкө болбосун элдин бийликке болгон талабы күчөдү. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда. Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат! Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардамдарын көрсөтүүдө. Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү. Жоопкерчилик ар бирибизде. Ар бир жаран өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз",- деп кайрылуу жасады президент С.Жээнбеков. (AbA)