Лесбиянка чуусу: Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөр мультфильмге тыюу салды

Onward

Сүрөттүн булагы, Pixar

Айрым араб өлкөлөрү Pixar студиясынын "Алга" деп аталган мультфильмин лесбиянкалардын мамилеси көрсөтүлгөн деп, тыюу салды.

Мультфильмде Спектер деген полиция кызматкери курбусу менен жакын мамиледе экенин, алардын орток баласы бар экенин айтат.

Эми бул мультфильм Кувейтте, Оманда, Катарда жана Сауд Арабиясында көрсөтүлбөйт.

Ошол эле маалда мультфильмди Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрү, айталы, Бахрейн, Ливан жана Египетте эркин эле жарнамалап жатышат.

Орусча котормосунда "курбум" деген сөздү "өнөктөшүм" деп которуп, Спектердин жынысы ачык айтылган эмес.

Тасмада фантастикалык дүйнөдө жашаган эки эльф ага-ининин тагдыры чагылдырылган.

"Алга" мультфильми өткөн аптанын жума күнү Түндүк Америкада көрсөтүлө баштагандан бери 40 млн доллар иштеп тапты. Жекшембиде киреше бир аз азайган. Өткөн жылы Элтон Жон тууралуу тартылган "Рокетмен" биографиялык тасмасы гомосексуалдык мүнөздөгү сценасы үчүн сатыктан алынган. (AbA)