Австралияга күтүүсүз түшкөн кар

Австралиянын түштүк-чыгышында кар жаады. Бул чөлкөм үчүн өтө сейрек көрүнүш. Коомдук сайттарда кар кечип оюн салган кенгурулар тартылган тасма топ жарды.

Видеонун түшүндүрмөсү, Жааган кар кенгуруларга жакккан сыяктуу, кар кечип оюн салышты

Тасманы Стивен Гренфелл тартып алган. Кийин "Твиттер" баракчасына жайгаштырды.

"Кар малтаган кенгурулар... Австралияда мындайды күндө эле көрө бербейсиң",-дейт ал.

Жергиликтүү басылмалар өлкөнүн баш калаасы Канберрадагы футбол беттеши бурганактап жааган кар алдында өттү деп жазууда.

Сиднейдин айрым жерлеринде кардан улам жолдор бөгөлүп калды. Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, 10 миң киши жарыгы жок калган. Кээ бир аэропорттор катаал аба ырайынан улам каттамдарын токтотту.

Өткөн жылы кышында чыгыш райондору кургакчылыктан жапа чеккен.