Нооруз: Тегеран, Баку жана Ташкент менен Бишкекке чейин

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түрк жана иран элдеринин байыркы майрамы болгон Ноорузду дүйнөдө миллиондогон кишилер белгиледи. Биз Иран жана Түркиядан баштап, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстанга чейинки Нооруздагы сүрөттөрдү жыйнадык.
Нооруз - Кыргызстандагы жалпы элдик майрамдардын бири. Совет доорунда дээрлик 70 жылдай Нооруз майрамы белгиленбей келип, өлкө эгемендүүлүккө жеткен жылдардан кийин кайра элге кайтарылды. Кыргыздар майрамды өз ритуалдары менен белгилейт. Алардын негизгиси арча түтөтүп, алас айтуу. Нооруздун алдында кыргыздар короо-жайын, бак-шагын тазалап, иретке келтирип, буудай өндүрүп коюшат. Өнгөн буудайдан сүмөлөк жасалат. Кыргыздар үчүн Нооруз сүмөлөксүз өтпөйт.
Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Ноорузду Азербайжанда, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда белгилешет. Бул жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу майрам көп өлкөлөрдө жылдагыдай белгиленген жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда салтка айлангандай эле Нооруз майрамы улуттук ат оюндары менен көркүнө чыкты. 17-мартта эле Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "Нооруз-2021" аталышындагы көкбөрү боюнча республикалык мелдеш башталган. Эки лигада турган - Жогорку жана биринчи лигада 20дай команда ойноду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул жолку Ноорузга карата өткөн көкбөрү мелдеши белгилүү кинорежиссёрлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, коомдук ишмер Болот Шердин элесине арналды. Алар көкбөрү оюнуна эрежелерди киргизип, жаңы деңгээлде өнүгүп өсүшүнө чоң салым кошкон инсандар.
Ирандын баш калаасы Тегерандагы коронавирус илдетинен дарылаган ооруканада дарыгерлер менен бейтаптар майрамды белгилеп жатат. Дасторконго улуттук тамак-аштар коюлган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Anadolu/Getty Image

Сүрөттүн булагы, Nozim Kalandarov/TASS

Сүрөттүн булагы, Anadolu/Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кашмирдин индиялык бөлүгүндөгү Сринагар аймагында элдик табыптар сүлүктүн жардамы менен дарылашат. Жыл сайын Ноорузда жергиликтүү табыптар кишилерге сүлүк таратышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters
*(AbA)













