О. Молдалиев: Эл дин аалымдарынын сөзүн уккан менен ишенимдери төмөн

Аудионун түшүндүрмөсү, О. Молдалиев: Кыргызстанда эл дин аалымдарынын сөзүн уккан менен ишенимдери төмөн

Кыргызстандагы дин аалымдарынын бири Чубак ажы Жалиловдун президенттик шайлоо тууралуу журналисттерге берген соңку жообу бир топ талкууларга жем таштады. Бүгүн Чубак ажы Жалилов айрым журналисттер анын айткандарын башка өңүттө түшүнүп алгандыгын билдирди. Келе жаткан президенттик шайлоодо диндин канчалык таасири болушу мүмкүн деген суроо менен Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевге кайрылдык.