Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу кечеңдегени үчүн чиновниктер сөгүш алышты

Сүрөттүн булагы, mtd.gov.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн аталган министрликтин бир нече өкүлүнө Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу кечеңдегени үчүн сөгүш берди.
Сөгүш алгандар арасында министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, Жол чарбачылыгы департаментинин директору Камилжан Абдыкалыков, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору Таалайбек Ашимбеков жана анын орун басары Кубанычбек Ормонов бар.
"Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Мындан сырткары Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды", - деп жазылган бул тууралуу аталган министрик тараткан маалыматта.
27-декабрда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу боюнча жыйын куруп, 2021-жылы эле башталган жол курулушу эмдигиче бүтпөй жатканын сынга алган.
"2026-жылдын 31-августуна чейин 46 километрди бүтүргүлө. Тим койсо дагы үч-төрт жыл жүрөсүңөр", - деди Ташиев.
Ташиев ошол эле күнү "Кыргыз Жол Курулуш" ЖЧКУнун негиздөөчүсү Мирдан Исагалиевди жолду куруу иштерин кечеңдеткени үчүн камакка алууга көрсөтмө берген.
Ысык-Көлдүн тескейиндеги жалпы узундугу 144 чакырым болгон Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылы августта башталган.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулушу башталган бул жол "Кумтөрдүн" акчасына курулуп жатканы маалымдалган.
2023-жылы апрелде президенттин тапшырмасы менен жол курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия да түзүлгөн.








