Аптап +49.5. Канада 69 киши көз жумду. АКШда ковидден эмдөө жайлары жабылууда

Ванкувер шаарында атайын сээрүндөткүчтөр орнотулган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ванкувер шаарында атайын сээрүндөткүчтөр орнотулган

Канадада +49.5 градус ысык

Канадада жана Америка Кошмо Штаттарында аптап адаттан тыш ысык болууда. Канаданын полициясы маалымдагандай, Ванкувердин Барнаби жана Саррей аймактарында 69 кишинин кайтыш болушуна адаттан тышкары ысык аба ырайы түрткү болгон. Каза тапкандардын көбү ден соолугу алсыраган карыялар эле. Соңку үч күн ичинде абанын температурасы рекорддук деңгээлге чыгууда. Кечээ Канадада абанын температурасы Цельсий боюнча 49.5 градусту жетти. Американын Орегон штатындагы Портлан шаарында, Вашингтондун Сиэттл аймагында 1940-жылдары каттоо башталгандан берки эң жогору температура катталган. Абанын мынчалык ысышына атмосфералык басымдын айынан камалып калган ысык абанын катмары себеп болду деп болжонууда.

28-июнда Канадада аптап +47.9 градуска жетти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канадада аптап 28-июнда +47.9 градуска жетти

Канаданын полициясы калкты карыя коңшулардан, туугандардан кабар алып турууга үндөдү. Ысык саламаттыгы начар адамдар үчүн кооптуу, андыктан бири бириңерди карап тургула деди полиция.

Литтон айылынын тургуну Меган Фандрич сыртка чыгуу дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейт. “Чыдаш кыйын, кызымды салкынырак жерде болсун деп туугандарыбызга жеткирдим. 30 градус кургак ысыкка чыдачубуз, бирок 47 градус деген башка да”, - дейт ал. 

“Канада Айлана чөйрөсү” аттуу уюм Британдык Колумбия жана Альберта провинциялары үчүн эскертүү таратты.

 АКШнын аптабы

Портлэндде кишилер муздатуу борборлорунда уктап жатышат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Портлэндде кишилер муздатуу борборлорунда уктап жатышат

Американын Портлэнд жана Сиэтл шаарларында абанын температурасы 1940-жылдары каттоо башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Портлэндде Цельсий боюнча 46.1 градус, Сиэтлда 42.2 градус болду.

Ысыктан электр зымдарынны пластик бөлүктөрү ээрип, айрым кызматтар жабылды.

Калк аба муздаткычтарды жапырт колдонуп жаткандыктан аймактарда кезек-кезеги менен электрди өчүрүп жатышат. Ысыктан улам көчөлөр бош. Амазон компаниясы тургундар салкында эс алып алсын деп Сиэтлдеги мекемелерин ачып берди.

Ысыктан улам айрым ковидден эмдөө борборлору жабылууда.