Пакистанда зилзала, Германия Сириядан аялдарды көчүрүп келди
Күндүн жаңылыктары: 07-октябрь, 2021
Путиндин сөзү Европада газдын көкөлөгөн баасын токтотту

Сүрөттүн булагы, ALEXEI DRUZHININ/TASS
Европада шаршембиде газдын фьючердик баасы миң кубометри 1937 доллар болуп, рекорддук чекке жетип, президент Путин орус газын Европанын рыногунда көбөйтүү жөнүндө “Газпромго” сунуш бергенден кийин кайта дароо түштү.
Күн ичинде газдын фьючердик баасы 1200 доллардан ылдый түштү. Минималдуу баасы 1197,64 доллар болуп катталды.
28-сентябрдан тарта Европада газдн баасы көкөлөп, миң кубометри бир миң доллардан ашып, тарыхый рекордду койду. Ошондон кийин дагы ыкчамдык менен өсүүсү уланды.
Качан Путин Россия Европага газ жиберүү боюнча контракттык милдеттерди жогорулата турганын айткандан кийин гана рынок жоошуй түшкөнүн "Блумберг" агенттиги менен Financial Times жазды. (КС)
Германия менен Дания Сириядан 37 жаш бала менен 11 аялды алып келди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Германия Сириянын түндүгүндөгү лагерден 23 жаш бала менен “Ислам мамлекети” (ИМ) деп аталган топко кошулган сегиз аялды алып келгенин билдирди.
Алар Дания менен биргелешкен операцияда көчүрүлүп келгенин жана Дания үч аял менен 14 жаш баланы алып келгенин Германиянын тышкы иштер министрлигинен айтышты.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маастын айтымында, аялдар камакка алынып, кылмыш иликтөөсү башталган.
ИМге кошулганы барган жүздөгөн европалыктар Сириянын түндүгүндө жайгашкан күрддөрдүн лагерлеринде турушат.
ИМ 2019-жылы Сирия менен Иракта аймактарын алдырып койгонун жарыялагандан кийин миңдеген турак-жайсыз адамдар аталган лагерге көчүрүлгөн.
Германиянын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аялдар менен жаш балдар Сириянын түндүк-чыгышындагы Рож лагеринен шаршемби күнү Франкфурт аэропортуна учуп келишкен.
Хейко Маас алар Германияга келгенине “кубанганын” бирок “энелер өз аракеттери үчүн жооп бериши керек экенин” айтты.
“Жаш балдар туш болгон абал үчүн жооптуу эмес. Алар коргоолушу керек болчу”, - деди ал. (EA)
Пакистанда жер титирөөдөн 20 киши каза болду

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бейшембиде Пакистандын Белужистан аймагында болгон жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза болгонун ырасмий өкүлдөр Би-Би-Сиге билдирди.
Кырсыкты башкарып жаткан өкүлдөр каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн дешет.
Социалдык желелерде тараган сүрөттөрдө Куетта шаарында жир титирөөдөн кийин эшикке жүргөн эл көрүнөт.
Алгачкы билдирүүлөр жер титирөөнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 5.7 баллга чейин жеткен болушу ыктымал дешет. Өкмөттүн өкүлдөрү каза болгондор имараттар кыйраганда басылып калган дешет.
Жергиликтүү башкаруу өкүлдөрү Би-Би-Си Урдуга дагы 150дөй киши жабыркаганын айтышты. Алардын айрымдары оор абалда ооруканаларга жеткирилген.
Куткаруу операциялары уланууда.
Рейтер агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, каза болгондордун көбү аялдар жана балдар болгон.
Ырасмийлер кыйроолордун көбү Карнай районунда болгонун айтышты.
Карнай району провинциянын борбору Куеттадан чыгышында жайгашкан, ал жерде көптөгөн көмүр кендери бар.
Балокистандын ички министри Мир Зиулах Лангу аймакка куткаруу кызматтары жөнөтүлгөнүн Би-Би-Сиге тастыктады. (CS)
Бишкекте көмүргө баалар өстү

Сүрөттүн булагы, AINURA DUISHOK KYZY
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн борбор калаадагы кышка даярдык тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, ушу тапта шаарда көмүр, газ жана электр менен иштөөчү 66 откана бар.
Мэр сууктун келиши менен көмүргө баа өсүп кеткенин моюнга алып, шаар бийлиги монополияга каршы агенттик бааларга текшерүү суранычы менен кайрылганын жатканын айтты. «Эгер баалар жөнү жок эле көтөрүлүп жатканы аныкталса, катуу чаралар көрүлөт», - деди Жунушалиев.
Бишкекте ушу тапта алты көмүр базасы бар, мындан тышкары көмүр сатылган 10 стационардык пункт иштеп жатат. Аларда бардыгы болуп 5 миң тоннага жакын көмүр бар. Учурда борбор калаада бир тонна көмүрдүн баасы 4 миң сомдон 4,8 миң сомго чейин бааланууда. (EK)








