"Баары бүттү деп ойлогом". Израилдин чабуулу маалында Эвин түрмөсүндө болгон адамдардын баяны

Чабуул

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Фарзад Сейфикаран
    • Role, Би-Би-Си перс кызматы

Израилдин чабуулу эмес, дал ошол жардыруудан кийин күзөтчүлөрдүн камера эшигин ачпай койгону накта тозок болду. 23-июндагы Израилдин соккусу учурунда Эвин түрмөсүнүн жалгыз адамдык камерасында отурган ирандык саясий активист Мотахаре Гуни Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде ал күндү ушинтип сүрөттөдү.

Эвин - Тегерандын түндүк четиндеги түрмө комплекси. Соңку жарым кылымда ал жерге миңдеген саясий туткундар камалды. Иран бийлиги Израилдин аба соккусунан түрмө кызматкерлери, туткундар, медиктер, зыяратчылар жана жакынкы аймактын тургундары болуп 80 киши набыт болгонун билдирген. Бул иран-израил согушу маалында жарандар арасында адам өмүрү эң көп кыйылган чабуул болду. Human Rights Watch уюму 14-августта отчет жарыялап, абакка жасалган соккуну "тандоосуз чабуул" жана "аскердик кылмыш" деп атады.

"Чыгууга жол жок экенине көзүм жеткен"

Гуни азыр кепилдик менен бошотулган

Сүрөттүн булагы, Supplied

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гуни азыр кепилдик менен бошотулган

"Үчүнчү жардырууну укканда, чыгуунун жолу жок экенине ишенгем. Эшикти болушунча түрттүм, бирок ачылган жок.

"Ошондо ичээр суум түгөндү деген ой келди",- деп эскерет Мотахаре Гуни.

Аны камерадан жаза өтөп жаткандардын бири бошоткон, Гуни түтүнгө чүмкөлгөн коридорго чуркап чыккан. Айтымында, күзөтчүлөр адегенде абактагыларды сыртка чыгарбоого аракет кылып, атүгүл тергөөчүлөр коркутканга чейин барган. Бирок коркунучтуу бул окуя адамгерчиликтүү мамиле менен дагы коштолгон.

Камактагылар жарадар болгон күзөтчүлөргө жардам берип, дүрбөлөңгө түшкөн кызматкерлерди тынчтандырып, ыйлап жаткан тергөөчүнүн жараатын таңышкан. Түрмө клиникасында камалып калган дарыгерлерге коңшу блоктон башка эркинен ажыратылгандар жардамга барган.

Кол салуудан оор жаракат алган дарыгер Саида Макарем кийинчерээк Instagram баракчасына: "Бир кезде мен дарылаган абактагылар өмүрүмдү сактап калды" деп жазган.

Би-Би-Си Эвиндеги окуялардын дагы бир күбөсү менен сүйлөштү, бирок ал атын атагысы келбеди.

"Адегенде катары менен бир нече жардыруу болуп, ызы-чуу эки мүнөткө жакын созулду. Алгач керебеттен жылган жокпуз, анткени терезенин айнектери чачырап кеткен эле. Андан соң кийинип, улгайган аялдарды ылдый түшүрө баштадык. Түрмө кызматкерлеринин эч кимиси жардам берген жок — алар жөн гана эшикти жаап, чыгууга болбой турганын айтышты".

Соккунун күчү

Би-Би-Си перс кызматы сокку урулган алты жерди аныктады

Сүрөттүн булагы, MAXAR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Си перс кызматы сокку урулган алты жерди аныктады

Би-Би-Синин анализи Израил Эвинге кеминде алты бомба менен сокку урганын жана комплекстин ичиндеги 28 имарат жабыркатканын көрсөттү.

ЦАХАЛ муну "Ирандын элине кылган зулумдугунун символу" болгон максаттуу сокку деп атады. Израил армиясы карапайым калктын жоготууларын минималдаштыруу үчүн чараларды көргөнүн билдирди.

Бирок жардыруулардан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жакынына жолугуу үчүн келген абакта отургандардын биринин тууганы башка көрүнүштү сүрөттөдү.

"Түрмөдөн чыгып жаткандар ар жерде адамдар өлүп жатканын айтышты. Камакта отургандардын айрымдары сыртка чыгышты. Бирок алардын эч кимиси качууга аракет кылган жок, баары нес абалында эле".

Иран бийлиги башаламандык учурунда 75 киши качып кеткенин билдирди. Кээ бирлери кийинчерээк кайра колго түшүрүлсө, айрымдары өз каалоосу менен кайтып келген.

Би-Би-Си курман болгондордун айрымдарын аныктоого жетишти

Иран бийлиги 80 киши каза болгонун билдирди. Алардын 42си түрмө кызматкерлери, бешөө абактагылар. Кызматкерлердин аты гана жарыяланды.

Би-Би-Си перс кызматы каза болгон үчөөнүн жакындары менен сүйлөшүп, алардын өздүгүн жана кандай жагдайда өлгөнү тууралуу кабар алды. Алар төмөнкүлөр:

  • Масуд Бехбехани — Иран - АКШнын жараны, каржылык айып менен камакта болчу. Бийлик үй-бүлөсүнө анын өлүмү боюнча карама-каршы келген маалыматтарды берген.
  • 37 жаштагы Арвин Мохаммади атасынын түрмөдөн убактылуу бошотулушу үчүн күрөө берип жатып, административдик имаратта каза болгон.
  • 61 жаштагы белгилүү сүрөтчү Мехрангиз Иманпур болсо жардыруу учурунда каза болгон.

Кол салуунун башка курмандыктары:

  • Жергиликтүү аял, бир жаштагы баланын энеси;
  • Абактагы адамдарды бошотууга жардам берүү үчүн келген кайрымдуулук уюмунун кызматкери;
  • Беш социалдык кызматкер жана социалдык кызматкерлердин биринин беш жаштагы баласы;
  • Аскерге чакырылган 13 жаш жоокер.

Абактагы трансгендерлердин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Айрым маалымат каражаттары камакта отурган 100 трансгендер набыт болгонун кабарлашкан, бирок Би-Би-Си перс кызматынын иликтөөсү бул сандарды жокко чыгарат.

"Абал чоң тынчсыздануу жаратууда. Бул туткундардын азыр кайда экени эч кимге белгисиз", — деди абактагы трансгендерлердин абалынан кабар алып жүргөн ирандык юрист Реза Шафаках Би-Би-Сиге.

Солдон оңго: Арвин Мохаммади, Мехрангиз Иманпур жана Масуд Бехбехани

Сүрөттүн булагы, BBC / Supplied

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солдон оңго: Арвин Мохаммади, Мехрангиз Иманпур жана Масуд Бехбехани

Сокку үчүн эмнеге "Эвин" түрмөсү тандалды?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израил түрмө (Израилге каршы) "чалгындоо операциялары, анын ичинде контрчалгындоо үчүн" колдонулганын билдирди.

Бирок Израилдин расмий өкүлдөрү Би-Би-Синин конкреттүү буталар, колдонулган курал-жарактар жана мүмкүн болгон жарандардын курмандыктары эске алынганбы деген суроолоруна жооп берген жок.

Кол салуудан бир ай өткөндөн кийин Amnesty International уюму жарандык объектилерге кол салууга эл аралык гуманитардык укук боюнча катуу тыюу салынганын эске салган баяндамасын жарыялады.

"Мындай кол салууларды атайылап жана билип туруп жасоо аскердик кылмыш болуп эсептелет",- деди Amnesty уюмунун изилдөөлөр, укукту коргоо, саясат жана кампаниялар боюнча улук директору Эрика Гевара Росас.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы да Эвин түрмөсү "аскерий бута болуп эсептелбейт" деп билдирип, бул чабуул эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын бузарын белгиледи.

Ошол эле учурда укук коргоочулар Израилдин абакка урган соккусунан кийин Иран бийлигинин аракеттерине көңүл бурууда. Human Rights Watch жарыялаган дагы бир докладда республика бийлиги Эвин түрмөсүндөгү камактагыларды чабуулдан кийин да, бир жарым ай өткөн соң жүздөгөн адам кайра түрмөгө кайтарылгандан кийин да зордук-зомбулукка жана кыйноого алганы айтылат.

Мындан тышкары, укук коргоочуларды абактагыларды кармоо шарттары жана дайынсыз жоголгондордун тагдыры боюнча бийликтин позициясы тынчсыздандырып жатат.

Human Rights Watch белгилегендей, атайылап жок кылган өңдүү бул көрүнүш дайынсыз болуп жаткандардын кыйноого кабылуу ыктымалдыгын күчөтөт.