Путиндин Иранга сапары: Аятолла Украинадагы согушка Батышты күнөөлөдү

үч президент

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын президенти Владимир Путин, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Орусиянын президенти Владимир Путин Иранга барды - бул анын Украинадагы согуш башталгандан берки чет өлкөгө жасаган экинчи сапары. Тегеран Москванын эл аралык аренадагы саналуу өнөктөштөрүнүн бири.

Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, лидерлердин ар бири менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал ошондой эле Ирандын диний лидери аятолла Хаменеи менен бешинчи жолу жолугушту.

Хаменеи Орусиянын Украинага бастырып киришин колдоп, иш жүзүндө Путин өзү айткан баянды кайталады. Аятолла жаңжалдын башталышы үчүн Батышты күнөөлөдү жана орус президентине кайрылып: “Эгер сиз демилгени колго албаганыңызда, экинчи тарап согушту өз демилгеси менен баштамак”, - деп сөздү улантты.

Тегерандагы жолугушуу

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеранда дандын экспорту, Сирия жана Украина маселеси талкууланды

2020-жылдын башынан бери Путин чет өлкөгө сейрек чыга баштаган, ал эми Украинадагы согуш башталгандан кийин бул анын экинчи гана чет элдик сапары. Июнь айында ал Тажикстан менен Түркмөнстанга барды.

Америкалык Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби билдиргендей, орус президентинин Иранга сапары Орусия Украинага басып киргенден кийин болуп көрбөгөндөй изоляцияда калганын көрсөтөт.

Сапардын биринчи жыйынтыктарыбы?

газ

Сүрөттүн булагы, BLOOMBERG

Владимир Путиндин Тегеранга иш сапар жасаган маалда орусиялык “Газпром” менен Ирандын NIOC Улуттук мунай компаниясы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюшту жана 40 млрд долларлык келишим түзүштү. Анын алкагында эки газ жана алты мунай кени иштетилет.

Келишимге онлайн кол коюлду - виртуалдык иш-чарага "Газпромдун" төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен NIOC’тун жетекчиси Мохсен Хьюстемер катышты.

Пландаштырылган долбоорлорго Киш жана Түндүк Парс газ кендерин иштетүү, суюлтулган газды жеткирүү боюнча мурда башталган долбоорлорду аягына чыгаруу жана экспорттук газ үчүн түтүктөрдү куруу кирет.

Иран жаратылыш газдын запасы боюнча Орусиядан кийинки экинчи өлкө, бирок АКШнын санкциялары Тегеранга аны өндүрүү үчүн жаңы технологияларды жеткирүүгө жолто болуп, газ экспортун өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратууда.

Али Хаменеи Владимир Путин менен жолугушууда Москва менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө чакырды.

Ынак атаандаштар

Стив Розенберг, Би-би-си

Орусия Украинага агрессия жасап көптөгөн досторун жоготту. Батышта Москва “изгой” статусуна ээ болду.

Бирок Кремль эл аралык санкциялар дүйнөдөгү эң чоң өлкө болгон Орусияны изоляция кыла албаганын, анын дагы эле достору бар экенин көрсөтүүгө умтулуп жатат. Мисалы: Түркия жана Иран.

Орусия анын дагы эле күчтүү өнөктөштөрү жана геосаясий таасири бар экенин көрсөтүү үчүн Сирия боюнча азыркы үч тараптуу саммитти колдонууда.

Бирок бул дегеле "кан достор" эмес, анткени Түркия менен Иран Орусиянын атаандаштары дагы. Түркия жана Орусия, мисалы, Сирия жана Ливия маселесинде карама-каршы тараптарда. Алар Түштүк Кавказдагы таасир үчүн да күрөшүп келишет. Түрк учкучсуз учактары украин армиясына жардам берип жатат.

Иран болсо Орусия менен дүйнөлүк энергетика рыногунда орун алуу үчүн атаандашат.

Санкцияларга көнүп калдык

Эксперттердин айтымында, бул сапар Путинге Иран менен алакаларды тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тегеран көп жылдардан бери Батыштын санкциялары астында калган Москванын саналуу эл аралык өнөктөштөрүнүн бири.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бир күн мурун “Орусия менен Иран санкцияларга көнүп калды” деп билдирген. “Иран ондогон жылдар бою ар кандай санкциялардын астында болуп, өз элинин жыргалчылыгын жогорулатууга жана өнүгүүгө жакшы көнгөн”, - дейт ал.

путин жана эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия Украинда согуш башталгандан кийин олуттуу санкцияларга кабылды. Иран да, Түркия да аларга кошулган эмес

Батыштын элчилери келерки аптада чогулуп, санкциялардын жаңы пакетин бекитишет. Ал эми Москва менен Тегеран жаңы мамлекеттер аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатканын бир күн мурда орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

Ирандын дрондору

Путиндин сапарына чейин Тегеран Орусияга жүздөгөн учкучсуз учактарды, анын ичинде аскердик дрондорду берет деген маалымат ачыкка чыккан. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын айтымында, орус делегациясына Ирандын аскердик учкучсуз учактары көрсөтүлгөн.

"Ирандын өкмөтү кыска мөөнөттө Орусияга жүздөгөн аскердик дрондорду, анын ичинде курал-жарак алып жүрүүгө жөндөмдүү учактарды берүүгө даярданып жатат, - деди Салливан журналисттерге. Ал ошондой эле өздүк маалыматтарына таянып, Иран орус күчтөрүн бул дрондорду башкаруу боюнча машыктырарын дагы кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анткен менен Ирандын тышкы иштер министри Хосейн-Амир Абдоллахиан италиялык La Repubblica гезитине маек куруп, анын өлкөсү Украинадагы абалды курчутууга алып келе турган ар кандай аракеттерден, анын ичинде аскердик техникаларды берүүдөн карманаарын билдирген.

“Биздин Орусия менен коргонуу боюнча келишимдер бар, бирок биз бул жаңжалга катышкан тараптардын эч бирине жардам бербейбиз”, - деген министр.

Ал эми Песков орус президенти Тегеранга жасаган сапары учурунда учкучсуз учактар ​​темасы талкууланбайт деп жооп берди. Салливан буга чейин Орусияга ирандык учкучсуз учактар ​​жеткирилгени тууралуу АКШнын маалыматы жок болгонун билдирген.

Жолугушуунун катышуучулары Ирандын Орусияга курал-жарак берүүсү тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок.

 Ак үй орус президенти Владимир Путиндин Иранга сапары Орусия өз армиясын курал-жарак менен камсыздоодо чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдерет деп эсептешет. Ошол эле учурда Жон Кирби Иран Орусияга учкучсуз учактарды өткөрүп бергени боюнча АКШда азырынча далилдер жок деп кошумчалады.

Сириядагы кырдаал

Үч өлкөнүн лидерлери ошондой эле Сириядагы узакка созулган согушту талкуулашты - анда Иран менен Орусия Сириянын президенти Башар Асадды, Түркия болсо көтөрүлүшчүлөрдү колдоп жатат.

Үч өлкө тең “террордук түзүмдөрдү толугу менен жок кылуу үчүн үзгүлтүксүз кызматташууну улантууга чечкиндүү экенин” ырасташты. Эрдоган “терроризм менен күрөшүүдө” Орусия жана Иран тарабынан колдоо күтөрүн айтты.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү АКШ колдогон күрт согушкерлерине каршы жаңы чабуул баштаарын эскертти, бирок буга Иран да, Орусия да каршы. Эрдоган бул операция аркылуу Түркия менен Сириянын ортосундагы чек арада 30 чакырымдык коопсуз аймак түзүүнү пландайт.

Өткөн аптада БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын көтөрүлүшчүлөрү көзөмөлдөгөн аймактарына жардам жеткирүүгө алты айлык мөөнөткө уруксат берүүгө макул болгон. Буга чейин Орусия жардам берүүнү бир жылга узартуу сунушуна бөгөт койгон.

Дан

"Украин данын экспорттоо маселеси талкууланат, иш абдан активдүү жүрүп жатат", - деп билдирген президенттин жардамчысы Ушаков. 

24-февралдагы бастырып кирүүдөн кийин украин данын экспорту кескин кыскарган, анткени Кара деңиздин боюнда жайгашкан Одесса жана Николаевдеги порттор жабылып, Азов деңизиндеги портторду Орусия басып алган. Батыштык эксперттердин айтымында, дүйнөгө азык-түлүк кризиси коркунучу жаралган кезде Одесса жана анын айланасында 20 миллион тоннага жакын дан топтолуп турат. 

Бир күн мурда Түркиянын коргоо министри тараптар данды чыгаруу жолдорунун коопсуздугун камсыздоо боюнча макулдашканын билдирген. “Түркия, Орусия, Украина жана БУУ өкүлдөрү тиешелүү документ түзө ала турган жолугушуу ушул аптада өтүшү мүмкүн”, - деген ал. Биринчи жолугушуу 13-июлда Стамбулда өттү.

Аты-жөнүн атагысы келбеген Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Би-Би-Сиге ошол кезде дан жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр “ишкердик маанайда” жүрүп жатканын, бирок Путин менен Эрдоган Тегеранда 19-июлда жолукканга чейин чечимди күтпөш керектигин билдирди.

Владимир Путин 19-июлда Орусия менен Түркиянын Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди.

"Сизге ортомчулук аракеттериңиз үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз алдыга жылдык", - деди Путин Эрдоганга жана бардык маселелер азырынча чечиле электигин кошумчалады.

Үч президенттин биргелешкен билдирүүсүндө Түркия менен Ирандын катышуусундагы кезектеги үч тараптуу саммит Орусияда өтөөрү айтылды. (ЕВ)