Демократия жана бюрократия. Жазуучулар союзу төрага шайлайт

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Төрагалыкка талапкерлер

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрагалыкка талапкерлер

22-апрелде Бишкекте улуттук жазуучулар союзу кезектеги курултайда өзүнүн жаңы төрагасын шайлаган турат. Союздун жетекчилик тизгинин алууга адегенде алты талапкер чыгып, экөө баш тартып, добуш берүүгө төртөөнүн ысмы коюлмай болду. Жазуучулар чөйрөсүндө шайлоо алдындагы атаандаштык кыйла эле активдүү болду жана төраганын кызмат ордунун кадыр-баркы жогорулаганы байкалат. Бирок бул шайлоо шыдыр өтпөй, нааразы жазуучулар чыр чыгарышы да ыктымал болуп турат.

Шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кимдер талапкер?

Шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жазуучулар союзунун төрагасы болууга төрт талапкер аттанды.

Биринчи талапкер - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев окурмандарга акын жана жазуучулук өнөрү менен да белгилүү.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, акын Жедигер Саалаев менен маданият министринин мурдагы орун басары, акын Кожогелди Култегин мамлекеттик кызматты жыйыштырып, коомдук чыгармачылык ишке биротоло өтүүгө кол сермеп турган чагы.

Төртүнчү талапкер, акын Атантай Акбаров көп жыл бою Жогорку Кеңеште бир катар кызматтарда иштеп келатат.

Кетип жаткан төрага Нурлан Калыбеков бул кызматта беш жыл иштеди. Ал адегенде дагы бир мөөнөткө барайын деп көңүлдөнүп жаткан эле, бирок чама-чаркын байкап көрүп, бул оюнан баш тартты окшойт.

Шайлоо тартиби

Президиум

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Төраганы жазуучулар союзунун сайтындагы маалыматка караганда 600 дөн ашык мүчөсү бар. Башка булактар мүчөлөр 900 дөн ашык дейт. Бирок төраганы шайлоого баары катышпайт. Башкармалык гана шайлайт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондуктан дүйшөмбүдө союздун уставы боюнча адегенде жазуучулар союзунун курултайы болот. Анда үч маселе каралат: төраганын отчету, уставды өзгөртүү жана башкарманын мүчөлөрүн, текшерүү комиссиясын кайра шайлоо болот.

Бул жазуучулар союзунун мурдагы советтик доордон калган бюрократиялык иштөө тартиби. Башкармалыкка алтымыштан ашык адам шайланган. Анын үчтөн биринен өз кезегинде президиум шайланат. Ошол президиум пленумдардын аралыгында иш алпарат.

Курултайда жаңы шайланган башкармалык дароо пленум өткөрүп, жаңы төраганы шайлайт.

Шайлоого карата башкармалыктын курамы азыркыдан да көбөйтүү, жаңы мүчөлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар болуп, башкармалыкка кошумча жыйырма чакты адамдын тизмеси даярдалганын жазуучулар союзунун президиумунун мүчөсү, жазуучулар союзунун мурдагы төрагасы, кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков Би-Би-Сиге билдирди.

"Тыңырак жазуучулардын баары сыртта калбасын дедик, Ак үй, көк үйдө, сыртта жүргөн калемгерлердин баарын өткөрөлү дедик".

"Оюнду бузайын деп жатам"

Дүйшөн Керимов

Сүрөттүн булагы, УТРК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жазуучу Дүйшөн Керимов жазуучулар союзунун төрагасын шайлоо эрежеси эскирди деп эсептейт.

Бирок жазуучулардын бир тобунда азыркы төрага шайлоо эрежеси ашыкча бюрократташкан деп санап, аны заманбап демократия шартына алып келиш керек деген маанайда тургандар бар. Алардын бири жазуучу Дүйшөн Керимов дүйшөмбүдөгү курултайда пленумда шайлоону токтотуп, түз шайлоого өтүү талабы менен барганы жатат.

"Бул СССРден калган тартип. Мен эми ошол оюнду бузайын деп атам. Түз шайлоо кылалы деп барам. 850 киши баарыбыз шайлайбыз, жабык шайлоо өткөрөбүз деп алардын чаңын чыгарам. Мурдатан талапкер көрсөтпөй, курултайда ордунан көрсөтөбүз деген сунушту киргизем",-деди Дүйшөн Керимов.

Анын азыркы кетип аткан төрага Нурлан Калыбековго да толгон-токой суроосу бар.

"Жылына мүчөлөр 1200 сомдон взнос төлөйт. Ошонун эсебин сурайм. Бир миллион сомду эмнеге жумшадыңдар деп аны сурайм. Президенттен акча бөлүнүптүр, анын эсебин бер дейм. Номинацияга 100 миң сомдон коюптур, аны ким чечти деп ачыкка чыгар деп айтам".

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана төраганын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жазуучулардын проблемаларына кулак салууда.

Сүрөттүн булагы, adabiyat.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана төраганын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жазуучулардын проблемаларына кулак салууда.

"Өтүмдүү кызмат"

Жазуучулардын коомдук бирикмесинин жетекчисин шайлоо Кыргызстанда калемгерлерге мамлекеттен колдоо жакшыра баштаган учурга туш келди. Экономика өсүп, казынада каражат көбөйгөндө, жазуучуларды колдоого өкмөт өткөн жылы он беш миллион сом бөлүп берди. Жазуучулардын көңүлү көтөрүлүп, адабий иш чаралар, ар кандай сынактар демдүү өтө баштады. Өкмөт каржылык колдоону улантып, быйыл дагы бир нече миллионду берерин убада кылууда.

Эгемендик башталгандан бери ремонт көрбөгөн союздун имараты биринчи жолу мамлекеттин акчасына капиталдык оңдоодон өтүп жаткан учур.

Совет заманында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов башкарып турганда абро көкөлөп турган жазуучулар союзу эгемендик жылдары казынадан каржыланбай, араң жан сактап келди. Отурган имаратынын ижара акысы көп жылдап төлөнбөй, бир жарым миллиондон ашкан карызы желкеден басып, кечээ эле союздун төрагасы менен катчылары өкмөттөн жалдырап жардам сурап жүрүшкөн. Мамлекеттин көңүлү имерилип калгандан бери жазуучулардын коомдук уюмунун дагы бедели көтөрүлө баштандай.

Ошол себептүү төрага болууга бош жүргөн акын-жазуучулар эмес, мурда-кийин бакыйган мамлекеттик кызматта жүргөн калемгерлер кол көтөрүп жаткан чагы. Эми алардын чама-чаркы шайлоо күнү билинет.

"Демократия деген ушул, үч-төрт кишинин чыкканы жакшы. Турмуш оңолуп баратат. Коомдук кызыкчылык, жеке кызыкчылык менен бараткандары бар. Жазуучулар союзу совет заманында саясий кызмат болчу. Азыр деле жакшы иштесе, өтүмдүү кызмат. Чоңдорго туура мамиле кылса угат",-дейт жазуучулар союзун совет заманынын акыр жагында жана эгемендиктин алгачкы жылдары башкарган мурдагы төрагасы Асан Жакшылыков.

Жазуучулар союзунун төрагасы жалаң эле жазуучулар арасында эмес, жалпы эле эл ичиндеги кадырлуу адам. Дайыма сыйдын үстүндө жүрөт. Экинчи жагынан мамлекеттин дагы сый-урматында болот. Ички-тышкы коомдук-маданий жыйындарда ардактуу конок болуп чакырылып, төргө отурат.

Жазуучулар союзунун имараты эгемендик жылдары биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Сүрөттүн булагы, adabiyat.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жазуучулар союзунун имараты эгемендик жылдары биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп жатат.