"Академиялык чилистен" жана "чор таман дарыгер". Индияда чырга айланган бирдиктүү сынак

Уманг Поддар, Би-Би-Си хинди кызматы, Дели

Сарадха В. Би-Би-Си, Ченнаи

NEET сынагынын жыйынтыгы жарыялангандан кийин Индияда бүт өлкө боюнча масштабдуу каршылык акциялары болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индияда NEET сынагынын жыйынтыгы жарыялангандан кийин бүт өлкө боюнча студенттердин каршылык акциялары болду.

Индиянын билим берүү министри Дхармендра Прадхан парламенттин сессиясында ант берип жатканда оппозициядагы көп депутаттар “NEET” жана “уят” деп кыйкырышкан эле.

Депутаттар каршы болгон себеби, Прадхан башкарган министрлик жүргүзгөн улуттук сынак өлкөдө чоң талаш-талкуунун чордонунда келатат.

Жыл сайын жүз миңдеген болочок дарыгерлер Улуттук кирүү сынагын - NEET-UG тапшырып, медициналык коллеждерге өтүшөт.

Бул кирүү сынагы эң башынан эле катуу каршылыкка кабылган, бирок бул жылы андан жаңжал чыгып кетти. Миңдеген студенттер аномалдуу жогорку баллдарды алып, бир эмес бир нече жыл даярдангандар дагы жакшы коллеждерге өтүшү кыйын болуп калды.

Сынактын көп кемчиликтерин сындап жатышат, кээ бирлери сынактын билеттери тарап кеткенин жана масштабдуу көчүрүүлөр болгонун айтканда, көп бүтүрүүчүлөрдүн деми сууду.

Алардын бири - Комал, түндүктөгү Харьян штатынан келген 18 жаштагы кыз, орто жерден бир жыл калып, улуттук кирүү сынагына даярданып, жакшы деген баллга ээ болду. Бирок конкурстун чоңдугунан өтпөй калам деп чочулап, башка адистикке бакалавриат курсуна тапшырып койду.

«Мен келерки жылы кайра сынак тапшырып көрөм, бирок быйылкыдай талаш кайра кайталанабы деп корком»,-дейт ал.

Каршы чыккандар тест сынагын кайра өткөрүүнү талап кылышты, ал эми эки штат Тамил Наду менен Батыш Бенгалия — сынакты жоюп, штаттардын өздөрүнүн тест сынагын кайтарууну өтүнүштү.

Каршылык аябай чоң болгон Тамил Наду штатынын мыйзам чыгаруу жыйыны улуттук кирүү сынагы шаардык жана колунда бар үй-бүлөлөргө артыкчылык берип, жакыр райондордо дарыгерлер азайып, штаттын саламаттык сактоо тармагына жаман таасир көрсөтүүдө деген резолюция кабыл алды.

Парламенттеги оппозиция, анын лидери Рахул Ганди өзү кошо каршылык кылып, NEET маселесин талкуулоону талап кылып жатканда, бул көйгөй басаңдаганы байкалбайт.

Комал бакалавриатка тапшырууга аргасыз болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Комал медициналык коллежке өтпөй калам деп чочулап, башка адистикке бакалавриатка тапшырууга аргасыз болду

Эң башынан эле талаштуу

NEET киргенге чейин Медицина илимдеринин бүткүл индиялык институту сыяктуу алдыңкы мамлекетттик коллеждерге тапшыргандарды тандаган улуттук сынак бар болчу. Көп штаттар өздөрүнүн сынактарын өткөрүшчү, башкалары бүтүрүү тестинин натыйжаларына таянып кабыл алышчу.

2010-жылы федералдык саламаттык сактоо министринин кызматында иштеген К. Суджата Рао өкмөт NEET программасын конгресстин кароосуна алып чыкканда бирдиктүү медициналык сынак төмөнкү үч максатты көздөгөнүн айтат: студенттердин билим компетенттүүлүктөрүн стандартташтыруу, бүтүрүүчүлөр тапшыра турган кирүү сынактарынын санын кыскартуу жана жеке коллеждерге төлөнгөн кошумча төлөмдү жоюу.

Көп штаттар коллеждерге бүтүрүүчүлөрдү кабыл алууда автономияны жок кылат деп NEET долбооруна каршы болушту.

Полиция мыйзам бузууларга айыптап ондон ашык адамды камакка алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каршылык акциясына чыккан студенттердин айрымдарын полиция кармап кетти

2013-жылы Индиянын Жогорку Соту бул жүйөгө макул болуп, бирдиктүү сынакты токтоткон (ага чейин NEET бир жолу болуп өткөн). Сот ошондой эле бирдиктүү тест шаар жана элеттик райондор арасында билим берүүдөгү теңсиздикти курчутуп жатканын билдирген. Сот медицина үчүн “академиялык чилистен” болуу жетиштүү эмес, өлкөгө алыскы райондорго барып иштей турган “чор таман дарыгерлер” керек деген.

Бирок үч жылдан кийин соттун конституциялык коллегиясы бул чечимди кайра чакырып алган. Сот коллегиясынын төрт барактан турган пикиринде 2013-жылы коллегия “кээ бир милдеттүү прецеденттерди” эске албаганын, чечим чыгар алдында судьялар арасында “эч кандай талкуу болбогону” гана айтылат.

Ошентип, 2016-жылдан тарта NEET кайтып келип, калган медициналык тест сынактарынын баарын алмаштырып, жыл сайын өтүп калган.

Тамил Надудагы оппозиция

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2017-жылы Тамил Надуда бир студент өз жанын кыйганы бирдиктүү сынакка каршы абдан катуу каршылыктарга алып келди. Жөнөкөй жумушчунун 17 жаштагы кызы мектептеги бүтүрүү сынактарында 98% балл алган, мындай баа менен ал эң мыкты медициналык коллежге оңой эле кире алмак. Бирок анын бирдиктүү улуттук сынактан алган баллы анча жакшы болбой калган.

Бул окуя Жогорку Сотко берилген петицияда мисал келтирилип, бирдиктүү сынак элеттеги жакыр райондордун бүтүрүүчүлөрүнө тоскоолдук кылып жатканы айтылган.

Бирок сот болбой эле медициналык коллеждерге кабыл алуу NEET негизинде жүрүшү керек деп чечкен.

Тамил Наду медициналык коллеждери эң көп штат, ал бирдиктүү сынакка башынан эле каршы болгон. Штаттын башкаруучу партиясы NEET’ке башынан эле каршы болуп, бул сынак киргенден тарта штатта 26 студент өз жанын кыйганын билдирип келатат.

2021-жылы жогорку деңгээлдеги комитет NEET долбоорун карап чыгып, аны жоюу сунушун берген. Анын чечиминде NEET шаар калкынын колунда бар калкынын англис тилде жеке менчик мектептерде окуган балдарына үстөмдүк шарт түзгөнү жөнундө айтылат. Шаардык катмардын балдарында сынактарга кошумча даярданууга мүмкүнчүлүк көп экени да белгилүү.

Комитеттин жүйөсүнө караганда, бул штаттын медициналык системасына жаман таасир көрсөтүп, мамлекеттик ооруканалар менен элеттик райондордо дарыгерлердин тартыштыгына алып келүүдө.

23 жаштагы Сатхриян жеке репетитор жалдаганга акчасы жок болгондуктан, өзүн жабыр тарткандардын бири катары эсептейт. Ал мектептеги сынактарды жакшы тапшырган, бирок 2019-жылдан бери NEET сынагын беш жолу тапшырып, жакшы баллга жеткен жок.

«Мен өз алдымча даярдандым, бирок сынакты тапшыра албадым»,-дейт ал. Сатхирян дарыгер болуу кыялын жыйыштырып, өзүнүн айлында почточу болуп иштеп калды.

Бириндетпей бир сынак болгон жакшы

Бириндетпей бир сынак тапшырган жакшы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, NEET сынагын жыл сайын жүз миңдеген жаштар тапшырат

Мурдагы саламаттык сактоо министри Рао айым бүт өлкө боюнча бирдиктүү сынак болгону «жакшы идея» дейт.

Бирок билим берүүдө теңчиликтин болбой жаткандыктан «айылдык окуучулардын басмырланышына жол берилүүдө, анын айынан айылдык жана алгачкы медициналык борборлордун ишинин сапаты начар болууда.

«Элиталык мектептин окуучусу сынакты ийгиликтүү тапшырып, колдон келсе чет өлкөгө кетип же жеке менчик ооруканада иштегиси келет. Алар алыскы райондорго барып иштегиси келбейт».

Ошондуктан Тамил Наду штатынын бүтүрүү сынактарынын натыйжаларын медициналык коллеждерге кирүүгө колдонуу талабы кыска мөөнөттүү келечекте «негизинде жаман эмес вариант».

«[Тамил Надуда] NEET киргенге тчейин эң жакшы саламаттык сактоо системасы бар эле», — дейт ал.

Бирок башкалар бирдиктүү сынактын өзүнүн артыкчылыктары бар деп айтууда.

«NEET программасы бүтүрүүчүлөрдү ар кандай мамлекеттик сынактарга даярдануудан бошотту, аны улантуу туура деп ойлойм»,-дейт дарыгерлер ассоциациясынын президенти Авирал Матур.

Дарыгерлердин ассоциациясынын улуттук президенти доктор Лакшья Миттал «бир сынак – мыкты альтернатива» болгон себеби, абитуриенттер ар кайсы штатка барып ар кандай сынак тапшырбай, бирдиктүү бир гана сынак тапшырат дейт.

Бирок бул дарыгерлердин экөө тең NEET программасын мындан да жакшыртуу керек дешет.

«Сынакты тапшырууну уюштурууну дагы жакшыртуу керек, ал эми өкмөт болсо анын суроолорунун тарап кетишин токтотушу керек”,-дейт доктор Миттал. (МА)