Евробиримдик Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп тааныды

 Участники лондонской демонстрации в поддержку протестов в Иране

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иран эмигранттары январда Ирандагы көтөрүлүшкө колдоо билдирип, дүйнөдөгү бир катар шаарларда митинг жана демонстрациялар өткөрүштү. Фотодо – Лондондогу акциялардын катышуучулары
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери бейшемби күнү Ирандын негизги аскерий-саясий түзүмү - Ислам революциясынын сакчылар корпусун (КСИР) террордук уюм деп таануу чечимин кабыл алышты.

Бул чечим январь айынын башында Иранда болгон нааразылык акцияларын күч менен басуудагы миңдеген адамдардын өлүмүнө жооп катары кабыл алынды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Х социалдык платформасында: "Репрессия жоопсуз калбашы керек. Өз жарандарын массалык түрдө өлтүргөн режимдер өздөрүнүн кыйрашын жакындатат", - деп жазды.

Мындан тышкары, Евробиримдик 19 иран жаранына жана 12 уюмга каршы санкция киргизди. 15 адам жана алты юридикалык тарап нааразылык акцияларын басууга катышканы үчүн санкцияга кабылды. Калгандары Орусияга Украинага каршы согушта жардам көрсөткөнү үчүн санкциялык тизмеге киргизилди.

Нааразылык акцияларын басууга байланыштуу санкцияга кабылгандардын арасында Ирандын ички иштер министри Эскандар Момени, башкы прокурор Мохаммад Мохаведи-Азад, ошондой эле КСИРдин жана полициянын жогорку даражалуу өкүлдөрү бар.

Евробиримдиктин маалыматына ылайык, учурда анын Иранга байланыштуу санкциялык тизмесинде 247 адам жана 50 юридикалык жак бар.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро бул чечимдер тууралуу жар салып жатып, санкцияга алынган адамдарга Евробиримдикке кирүүгө тыюу салынарын жана алардын ЕС аймагындагы активдери аныкталса, тоңдуруларын эскертти.

"Режим камактагыларды тезинен бошотуп, өлүм менен жазалоону токтотуп, интернетти өчүрүүнү жокко чыгарышы керек жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине кылмыштарды иликтөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек", -деди француз министри.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Арагчи ЕБдин бул чечимин "олуттуу стратегиялык ката" деп сыпаттады.

"Учурда бир нече өлкө биздин региондо толук масштабдагы согуштун чыгып кетишин алдын алууга аракет жасап жатышат. Европа болсо, тескерисинче, жаңжалды тутантууда",- деп жазды ал X платформасында.

Al Jazeera каналынын маалыматына караганда, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы да бул чечимге жооп кайтарды.

Анын билдирүүсүндө Евробиримдиктин аракеттери "логикага сыйбаган, жоопкерчиликсиз жана зулум" деп сыпатталат. Анда бул "АКШнын жана синоисттик (израилдик) режимдин гегемониялык, ырайымсыз саясатына шартсыз баш ийүү менен" кабыл алынган чечим экени да айтылат.

Ал эми Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар Евробиримдиктин КСИРди террордук уюм катары тануу чечимин "тарыхый" деп кубаттады.

"Бул маанилүү жана тарыхый чечим. Көп жылдар бою Израил ушундай жыйынтыкка жетүүнүн үстүндө иштеп келген, соңку жумаларда бул ишин мурункудан да күчөттү",- деп жазды Саар X платформасына.

Ал КСИРди "аймакта террорду жайылтып, туруксуздаштырган номер биринчи күч" деп, бул кадам Европада алардын аракеттенүүсүнө жолтоо болуп, "эркиндик үчүн күрөшүп жаткан ирандыктар үчүн маанилүү ишара" болорун айтты.

авианосец Abraham Lincoln

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ Ирандын жээгине Abraham Lincoln баштаган сокку уруучу тобун жөнөттү

Соңку күндөрү дүйнө АКШ Иранга сокку урабы күтүп жатат. Кошмо штаттары регионго аскерий учак ташыган Abraham Lincoln кемесин жөнөттү.

АКШнын басылмалары жетекчиликтеги ар кандай өздүк булактарына таянып, президент Дональд Трамп Иранга кантип сокку урса болот ар кандай варианттарды караштырып жатканын жазып жатышат.

Трамп өзү кечээ жакында Тегеран өзөктүк программасынан баш тартпаса, Иранга сокку урарын дагы бир жолу эскертти.

Январь ичи Дональд Трамп каршылык акцияларын күч менен басып жаткан Тегеранга анын кесепеттери жаман болорун эскертип, ал эми демонстранттарга "жардам жолдо келе жатат" деп дем-күч берип аткан.

Иран америкалык соккуларга жооп болорун убадалап жатат. Аскерий серепчилер, бул үчүн региондогу жыйырма чакты америкалык базалар бутага алышыны мүмкүндүгүн айтып жатышат.