"Абдан камкор эне эле": Балдарын бычактады деп шектелген келиндин кайнежеси окуянын чоо-жайын айтып берди

Кырсык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Мээрим Догдурбекова, Венера Осмокеева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Чүй облусунда дем алыш күндөрү эки баласын бирдей бычактап өлтүргөн эне тууралуу үрөй учурган кабар тарады. Милиция маалыматы тастыктап, 12 жана 2 жаштагы бир туугандар энесинин колунан ажал тапканын билдирди. Би-Би-Си балдарын бычактап салды деп шектелген келиндин кайнежеси менен сүйлөшүп, каргашалуу окуянын чоо-жайын сурады.

Үй-бүлөсүндө мындай каргаша болуп кетери Назира үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Азыр да көргөн көзүнө ишене албай нес абалда экенин айтып оор үшкүрдү.

Кайнежесинин айтымында, келини абдан токтоо, мүнөзү жакшы адам болчу. Анын психикалык ден соолугуна байланыштуу кандайдыр бир маселеси бар экенин эч качан байкаган эмес. Тескерисинче, балдарына абдан күйүмдүү эне болчу.

"Түшкө кирбегендей нерсе болду. Азыр деле ишене албай турам. Төрөттөн кийинки депрессияга кабылды окшойт деп жоромолдоп жатам. Себеби беш жыл ичинде удаа-удаа төрт бала төрөдү. Эс албай эле төрөй берсе, аял деле чарчайт да",- деди ал.

Анын айтымында, үй-бүлөдө чыр-чатак, уруш-талаш болгонун уккан эмес. Жубайлар экөө тең намаз окуп, тынч жашачу.

"Иним аны "сүйүктүүм" деп эркелетип турчу. Келиним деле эч кандай нааразычылык айтчу эмес. Үй оокатын кылып, балдарын карап, жайкысын компот жасап, кышка камылга көрүп, кадимкидей эле жашап жүрүшкөн", – деди ал.

Кайнежесинин айтымында, бул келиндин экинчи никеси. Бычакталган кыз биринчи никесинен төрөлгөн. Экинчи жолдошунан төрт балалуу болгон. Улуусу төрт, кийинки кызы үч, бычакталган уулу экиде болчу. Кенжеси жети айлык, эмчекте экен.

"Эң улуу баласынын көзү начар көрчү, ошон үчүн аны өзгөчө аяп, кам көрүп турчу. Ээрчитип келген кызы деле үн сөзү жок, апасына окшош болчу. Ар дайым апасын "сиз" деп урматтап, сыйлап турчу. Биз аны өз кызыбыздай жакшы көрчүбүз. Мектепке барганга да, үйдө апасына жардам берип, бала караганга да жетишчү",- деп кошумчалады кайнежеси.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Каргашанын кантип болуп кеткенин үй-бүлө дагы деле түшүнө албай турганын айтат. Инисинин оозунан укканына караганда аял балдарына кол салган учурда жолдошу жумушта болгон экен.

"Иним жумуштан кайтып келсе, аялы үч баласын кучактап короодо отуруптур. Күйөөсү кичүүсүн колуна алып эркелетип, "жүрү, үйгө кирели" десе, "кире албайм, балдарды бычактап салдым" деп жооп бериптир. Ошондо иним үйгө чуркап кирип, болгон окуяга күбө болуп жатпайбы", – деди ал көзүнө жаш алып.

Эжесинин айтымында, иниси унаа оңдогон жайда иштейт, оокат-тиричилиги да жетиштүү. Үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып келген.

"Ал таң эрте жумушка кетип, кечинде гана келет. Мындай нерсени таптакыр күткөн эмесмин деп отурат. Жумушка кетип жатканда баары жайында эле, эмне болуп кетти деп азыр да түшүнө албай турат", – деди ал оор үшкүрүп.

Учурда балдар убактылуу мамлекет тарабынан реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Алар азыр психологдордун жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Атасы өзүнө келгенче ошол жакта болушат.

"Ушул күнгө чейин мен багып жаткам. Атасы балдарды бергиси келбей, көпкө чейин кармап турду. Түшүндүрүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө жакшы болот деп айтып жатып араң бердирдик. Азырынча ошол жакта болот. Иним өзүнө келгенде кайра алат", – деди эжеси.

Айтымында, бычакталган уулун жерге беришкен, бирок кыздын сөөгүн өз атасы Өзбекстанга алып кеткен.

"Өзүбүз жашырабыз дешти, макул болдук. Бир сөз айтышкан жок. Биз болсо өзүбүзгө келе албай жатабыз. Үч күндөн бери көзүм ирмелбей, уктай албай жүрөм. Көзүмдү жумсам эле ошол элес келет. Ал эмнеге мындай жолго барды? деген суроо жеп бүттү. Күйөөсү иштеп, үй-бүлөсүн камсыз кылып турчу. Бардыгын алып келип берчү. Анан эмне үчүн мындай болду, акылым жетпей жатат", – деп аял.

Жубайлар баш кошконуна 5-6 жыл болуп калган. Балдардын апасы Өзбекстанда төрөлүп, ошол жакта чоңойгон. Медициналык окуу жайды аяктап, мектепти да жакшы окуганын жакындары айтат.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 12-сентябрда саат 19:30 чамасында аларга эки баланын өлүмү тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бычактан алган жараттын кесепетинен каза болгон 2013 жана 2023-жылы туулган балдардын жансыз денесин тапкан.

"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары балдардын энеси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",- деди Би-Би-Сиге Чүй ОИИББнин басма сөз кызматынын өкүлү Канат Мажиев.