Жашооңузду 2024-жылы кантип өзгөртө аласыз?
Жаңы жылдын башталышы менен көп адамдар он эки ай ичинде кыла турган иштерин жана кандай сапаттарга ээ болгусу келээрин пландай башташат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Улуу Британиядагы акыркы сурамжылоону карай турган болсок, чоңдордун үчтөн бир бөлүгү жеке өзүн өстүрүү боюнча пландарды коюшат. Бирок өзүңө бир нерсени убада берүү башка, берген убадаңа туруп ага жетүүгө кылган аракет такыр башка экени баарыбызга маалым.
Мурунку жылы 17%дан 45% пайызга чейинки британиялыктар бир айдан кийин эле берген убадаларын унутуп коюшканын моюнга алышкан. Ал эми сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, жыл ортолоп калганда көпчүлүгү өздөрүнүн кыял, максаттарынан баш тартышкан.
Эгерде Почо социологиялык компаниясынын акыркы сурамжылоосуна ишене турган болсок, америкалыктар британиялыктарга караганда туруктуулукту көрсөтүп, жыл аягына чейин максатына жетүүгө убада бергендердин 16% гана оюнан баш тарткан.
Адамдар жыл сайын өздөрүнө берген убаданы аткарбай, кийинки жылга калтыргандыктан, психологдор айткандай “жалган үмүт синдромуна” чалдыгышат.
Эксперттер мындай ооруга чалдыкпоо үчүн чыныгы кол жете турган максаттарды коюуну сунуштайт.
Эмнеге көңүл буруу керектигин чечүү оңойго турбашы мүмкүн. Бирок жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө өзүбүзгө көнүмүш адат катары калыптандыра турган жети кеңешти окумуштуулар сунуштайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1. Уйкуну кандырыңыз
Узакка созулган Жаңы жыл түнүнөн кийин уйкуңузга көңүл бурганыңыз оң.
Кыш күндөрү уйкуңуз келип, ойготкучту өчүрүп, уйкуңуздү уланткыңыз келип жатса, буга көп кыжаалат болбоңуз. Кыш мезгилинде түн узак болгондуктан адам баласына көп укташка туура келет.
Кышкы уйкуңузду жакшыртуу үчүн эрте уктаңыз, эс алардын алдында эки саат телефондон алыс болгонуңуз оң.
Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, үзгүлтүксүз уктоо башка нерселер менен катар ичеги-карындын абалын жакшы сактоого жардам берет.
Эгерде сиз төшөктө көбүрөөк убакыт өткөрүүнү чечсеңиз, ойгоо абалында түш көрүп, түшүңүздү эстеп калууга,башкарууга аракет жасап көрүңүз.
Көптөгөн адамдар бул ыкманы коркунучтуу түштөрдү жеңүү, көйгөйлөрдү чечүү жана чыгармачыл идеяларды ойлонуу үчүн колдонушат.
2. Денеңизге кам көрүңүз
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эгерде сиз бир орунда отура албай кыйналсаңыз, кабатыр болбоңуз. Көрсө, бутуңузду таптоо же манжаларыңызды кырсылдатуу, кыймылдатуу сыяктуу аң-сезимсиз кыймылдар бир кыйла өлчөмдөгү калорияны азайтып, стресстен алыс болууга жардам берет экен.
Түндүк жарым шарында кыш болуп турган чакта, мындай суук сыртка чыгып көнүгүү жасоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ал жүрөк жана иммундук системаны бекемдейт жана ак май клеткаларын күрөң май клеткаларына айландыруу менен арыктоого жардам берет .
Ал эми сыртта көнүгүү жасап жатканда, артка басууга да аракет кылсаңыз болот. Кадимки басууга караганда калорияны көбүрөөк күйгүзөт, ошол эле учурда бел булчуңдарын чыңдайт.
Басуунун бул түрү өзгөчө тизе оорусу бар адамдарга сунушталат, анткени ал тизе муунунун жүгүн азайтып, тарамыштын ийкемдүүлүгүн жогорулатат.
Ал эми артты көздөй басып жатканда чалынып, ылайга жыгылып кетишим мүмкүн деп ойлонуп кабатыр болбоңуз. Кир денебизде жашаган пайдалуу микроорганизмдердин ар түрдүүлүгүн толуктоого жардам берет. Теринин микробиотасы төмөн болгон адамдардан псориаз жана атопиялык дерматит сыяктуу тери ооруларын кездештирүүгө болот.
3. Ойлоруңузду иретке келтириңиз
Өзүңүздөгү коркуу сезимин жеңүү жолдорунун бири бейтааныш адамдар менен сүйлөшүү, мындай ыкма өзүңүзгө ишенбөөстүктү жараткан ой жүгүртүүдөн арылтат.
Илимий изилдөөгө ылайык, булардын баары сизди бактылуурак кылып, стрессти азайтууга жардам берет.
Жашоодо жаңы нерсени сынап көрүүгө да болот. Жаңы жөндөмдү үйрөнүүгө аракет кылып, өзүңүздү сынап көрүңүз. Бул психикалык ийкемдүүлүктү жогорулатып, мээге ыңгайлашууга жана өзүн кайра программалоого мүмкүндүк берет.
Эгер сизде энергияңыз ашып-ташып жатса, анда отуруп туруу көнүгүүсүн жасаңыз.Бул жөнөкөй көнүгүү сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок мээге кан агымын жакшыртат, бул когнитивдик жөндөмдүүлүккө жана көйгөйлөрдү чечүүгө пайдалуу.
Сизге отуруп туруу оорчулукту жаратса, анда сиз ар дайым өзүңүздү жаш адам катары элестетиңиз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өзүңүздү жаш деп эсептөө өмүрүңүздү узартат.
Ошондой эле жаңы жана таң калыштуу нерсе менен өзүңүздү көбүрөөк кубантууга аракет кылсаңыз болот. Тоого чыгуу, океанды көрүү же жылдыздуу асманга суктануу. Жагымдуу сезимди жаратуу стрессти азайтууга, эс тутумду жакшыртууга жана айланаңыздагы дүйнө менен байланыш сезимин жогорулатууга жардам берет.
Ырдоо да өтө пайдалуу дүйнөдөгү эң жеткиликтүү стресстен арылткыч ыкма катары колдонулганын изилдөөлөр көрсөткөн. Мындай аэробдук көнүгүү эндорфиндерди - жагымдуу гормондорду бөлүп чыгарат.
Же жөн гана терең дем алсаңыз болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, дем алуу көнүгүүлөрү стресс, тынчсыздануу жана жогорку кан басымы барларга жардам берет. Бул ыкманы жакшы уктоо үчүн дагы колдонсо болот.
4. Достор менен көбүрөөк жолугуңуз
Достордун болушу да абдан манилүү: достук сиздин иммундук системаңызды бекемдеп, жүрөк-кан тамырыңыздын ден соолугуңузду жакшыртат жана өзүңүздү бактылуу сезүүгө жардам берет.
Эгерде сиз досторуңуз менен бат-баттан жолугуп тура турган болсоңуз, жакын мамилени түзгөнгө дагы жардамы тийиши ыктымал.
Достуктан дагы жогорку мамилени кааласаңыз, өзүңүздөгү адаттан тышкары болгон өзгөчөлүктү баса белгилегениңиз оң. Кийим-кечедеги өзгөрүүлөр, ошондой табиттин өзгөрүшү сыяктуу карама-каршы келген пикирлер бизди жагымдуураак кыла аларын эске алыңыз.
Жашообузга көп пайда алып келе турган дагы бир кадам "мен сени кечирдим" деп айтуу. Кимдир-бирөөнү кечирүү жана бул тууралуу айтуу сиздин стресс деңгээлиңизди азайтып, көбүрөөк акча табууга жана жашыңыз өткөн сайын ден соолукту чыңдоого жардам берет.
5. Туура тамактаныңыз
Майрамдарда калорияларды санай турган убак эмес, муну туура кабыл алышыбыз керек. Майрамдык дасторкондо дайыма таттуу тамактар жайнап тургандыктан, көбүбүз аларга ашыкча берилип кетебиз.
Майрамдан калган тамактарыңыз болсо, аны ыргытпай жегениңиз экологияга жакшы.
Майрамдык тамак-аштын пайдалуу элементтерин сактап, аны кайра ысытуунун эң жакшы жолу - аны микротолкундуу мешке салуу.
Баланстуу тамактануу, албетте, жылдын кайсыл убагы болбосун пайдалуу, бирок айрыкча майрамдан кийин мындай тамактануунун пайдасы өтө чоң.
Жашылча-жемиштер жөнүндө сөз кылган учурда, биз жалаң жашылчалар жөнүндө эле сөз кылбайбыз: изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар түрдүү мөмө-жемиштерди жеген мээнин саламаттыгын жакшыртып эле тим болбостон, жүрөк ооруларынын ыктымалдуулугун дагы азайтат.
"Кургак январь" алкоголдук ичимдиктерден толук баш тартуу - бул күндөрү жылды жакшы баштоонун ыңгайлуу убагы, бирок кофеден баш тартуунун кажети жок: изилдөөлөр көрсөткөндөй, кофе жүрөк жана рак оорусун алдын алып, инсульттан каза болуу коркунучун азайтат. Албетте, кофени дагы, башка бардык нерселер сыяктуу эле, ченеми менен ичүү сунушталат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
6. Физикалык формаңызды караңыз
Көнүгүү – бул күч-кубат жыйноого, майды күйгүзүүгө жана психикалык ден соолукту чыңдоого эле эмес, ал ичегидеги микрофлорага да жардам берет.
Күнүнө он миң кадам басууну адатка айлантам деп өзүңүздү көп кыйнабаңыз. Кээ бир изилдөөлөргө таяна турган болсок, ар нерсени аздан баштоо көбүрөөк пайда алып келет экен.
Эгер сиз формага тез келүүнү кааласаңыз, интервалдык машыгуунун болгону алты сеансы мүнөтүнө максималдуу кычкылтек керектөөңүздү жогорулата алат. Жалпы фитнестин бул өлчөмү денебиздин клеткаларында сакталган майларды канчалык деңгээлде эффективдүү күйгүзө аларын өлчөйт.
Спорт менен машыгып жаткандагы убакыт өтө маанилүү. Мисалы, олимпиадалык сууда сүзүүчүлөр менен велосипедчилердин арасындагы изилдөөлөргө баам сала турган болсок, алар кечинде ылдамыраак кыймылдаарын изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. Бирок бул сиздин циркадиялык ритмдериңизден да көз каранды болушу мүмкүн.
7: Хоббилер чыгармачылыкты өнүктүрөт
Бир нече мүнөт эч нерсе кылбай, акыл-эсиңизди ээн-эркин коюу пайдалуу, бирок кээ бир адамдар үчүн бул көрүнүш зэригүүнү пайда кылат.
Зээрикчел адамдар көз карандылыкка окшош жүрүм-турумдарды жасашы мүмкүн, мисалы, уюлдук телефондо социалдык тармактарды барактоо.
Бул өзгөчөлүк психикалык көйгөйлөрдүн бир катар көбөйүшү менен байланыштуу.
Мындай учурда жаңы хобби менен алектенүү жардам берет. Бул мээңизди жаш кармап, чыгармачылыкты өнүктүрүп жана зеригүүдөн сактайт.
Мисалы, Нобель сыйлыгын алган илимпоздордун жеке хоббилери орточо адамга караганда үч эсе көп. Алар көбүнесе чыгармачылыкка кызыгат, мисалга алсак: музыка, сүрөт тартуу, ыр жазуу ж.б. ушул сыяктуу.
Убакытты кызыктуу китеп менен өткөрүүнү каалагандар үчүн жакшы жаңылык: көркөм адабиятты окуган адамдар башкалардын эмнени ойлоп, эмнени сезип жатканын жакшыраак түшүнүшөт.
Үн чыгарып окуганды жактырсаңыз, андай ыкма менен окуу жакшыраак эстеп калууга гана жардам бербестен, татаал тексттерди түшүнүүнү жеңилдетет. (АК)












