Таиланд: мейманканадагы алты адамдын сырдуу өлүмү

Мейманкана

Сүрөттүн булагы, EPA

Джоэл Гуинто жана Би-Би-Си Вьетнам кызматы, Би-Би-Си кабарлары

Полиция кызматкерлери эшикти ачмайынча, Бангкоктогу Grand Hyatt Erawan мейманканасынын бешинчи кабатында эмне болгонун так айтууга мүмкүн эмес эле.

Эч кимдин кыйкырганы угулбады, эч ким жардам сурап чалбады. Эч кимиси эшикти ачам деп аракет кылбады.

Ичинде деле күрөштүн эч кандай белгилери байкалбады окшойт - эч кимиси ооз тийбеген кечки тамак отургандар ырахат алыш үчүн дагы деле үстөл үстүндө жайнап турат.

502-бөлмөнүн сыртындагыларды кыжаалат кылган нерсе - кулпуланган бөлмөнүн ичиндеги үрөй учурган көрүнүштүн бирден-бир белгиси - бул топтун мейманканадан чыгып кетүүгө кечигип жатканы болду.

Ал эми бөлмөнүн ичинде цианид кошулган чай чөйчөктөрдүн жанында жансыз алты дене жаткан эле.

Офицерлерге бөлмөдөгүлөр ууланган чайды ичишкенин тактоого же курмандыктар кимдер экенин аныктоого көп деле убакыт талап кылынган жок.

Бирок полиция коркунучтуу ачылышты ачыкка чыгаргандан бир нече күн өткөндөн кийин деле "Алар эмне себептен өлүштү жана аны ким жасады" деген суроолор жоопсуз калууда.

Каза болгон алты адам кимдер?

Визажист Дин Тран Пху

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Визажист Дин Тран Пху
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өлгөндөрдүн төртөө Вьетнамдын жарандары – 46 жаштагы Тхи Нгуен Фуонг, анын күйөөсү 49 жаштагы Хонг Фам Тханх, 47 жаштагы Тхи Нгуен Фуонг Лан жана 37 жаштагы Дин Тран Пху.

Калган экөө теги вьетнамдык америкалык жарандар - 56 жаштагы Шерине Чонг жана 55 жаштагы Данг Хунг Ван.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Чонг Жапонияда оорукана куруу долбооруна инвестиция салуу үчүн жубайлар Хонг Фам Тхан менен Тхи Нгуен Фуонгдон 10 миллион бат (280 миң доллар) карыз алган. Курулуш бизнеси менен алектенген түгөйлөрдүн акчасын кайтарып алуу аракетинен майнап чыкпаса керек...

Чынында, бул иш бир нече жумадан кийин Жапониядагы сотко өтүшү керек болчу.

Сыртынан караганда, бул жолугушуу ошол сот алдында маселени чечүү аракети болуп жаткандай көрүнөт.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей, Калифорниянын Окленд шаарында жашаган Чонг инвестицияга байланыштуу жубайлар менен ортомчу болуп беришин суранган үчүн Тхи Нгуен Фуонг Лан да ал жерде болгон.

Бирок калган экөөнүн бул ишке кандай тиешеси бар?

Ийгиликтүү визажист, кардарларынын арасында Вьетнамдагы кино жылдыздары, ырчылары жана сулуулук ханышалары бар Дин Тран Пху болсо Чонг менен иштешкен үчүн ушул жыйынга катышкан.

Анын атасы Би-Би-Си Вьетнам кызматына сүйлөп жатып, Таиландга чоочун адамдар менен эмес, туруктуу кардарлары менен барганын баса белгиледи.

Ал ортодо жакын досу Тхи Нгуен Фуонг менен Тхи Нгуен Фуонг Лан экөөнү тең жакшы билерин, аларды Данангдагы досунун спа-салонундагы дарылоо курстары менен тааныштырганын айтты.

Данг Хунг Вандын мейманканадагы жолугушууга катышканы тууралуу дароо эле айтылган жок.

Полиция мейманканадан бөлмөнү алдын-ала алууда жетинчи адамдын ысмы катталганын айтты, кызыгы анысы мында набыт болгон алты адамдын биринин эжеси болуп чыкты. Бирок ал адам өткөн аптада Таиланддан Вьетнамга кайтып келген жана полиция анын бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

Полициянын маалымат жыйынында экрандан кылмыш болгон жердин чиймеси көрсөтүлдү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Полициянын маалымат жыйынында экрандан кылмыш болгон жердин чиймеси көрсөтүлдү

Мейманкана бөлмөсүндө эмне болду?

Бул топтогулар мейманканага дем алыш күндөрү өз-өзүнчө келгендиктен, аларга беш бөлмө берилген – төртөө жетинчи кабатта, бирөө бешинчи кабатта.

Чонг жекшемби күнү келип, 502-бөлмөгө жайгашты. Башка бешөө ошол күнү анын бөлмөсүнө конокко келишип, бирок түнгө калбай өз бөлмөлөрүнө кайтышты.

Дүйшөмбү күнү түшкө чейин Данг Хунг Ван алты чыны чайга, ал эми визажист Дин Тран Пху куурулган күрүчкө бөлмөлөрүнөн буйрутма берди. Алар аны жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө 502-бөлмөгө жеткирүүнү суранышты.

Саат 14:00гө бир нече мүнөт калганда Чонг 502-бөлмөдө тамак-ашка буйрутмаларды ала баштады. Ошол учурда ал бөлмөдө жалгыз болчу.

Полиция ал официанттын кечеге чай демдеп берүү сунушунан баш тартканын билдирди. Анан дагы официант анын "аз сүйлөп, стресске кабылганын" байкаган.

Көп өтпөй топтун калган мүчөлөрү келе башташты. Жубайлар чемодан көтөрүп кирип кетишти.

Саат 14:17де эшик жабыла электе, алтоо тең көрүндү. Ошондон баштап ичинен эч кандай кыймыл-аракет байкалбай калды.

Алар дүйшөмбү күнү мейманканадан чыгып кетишмек, бирок антишкен жок.

Полиция шейшемби күнү саат 16:30да бөлмөгө кирип, полдо жаткан алты адамдын өлүгүн табышкан.

Алгачкы иликтөө көрсөткөндөй, экөөсү бөлмөнүн эшигине жетүүгө аракет кылып, бирок жете алышкан эмес.

Бардык денелерде белгилүү бир дозада бир нече мүнөттүн ичинде өлтүрүп коюшу мүмкүн болгон цианид менен уулануунун белгилери бар. Алардын эриндери менен тырмактары кычкылтектин жетишпей көгөрүп кеткен, ал эми ички органдары цианид менен ууланганынын дагы бир белгиси - "кыпкызыл кан" түсүнө боёлгон.

Тергөөчүлөр алардын өлүмүндө "цианидден башка" жөндүү "себеп жок" дешет.

Өлүмгө алып келүүчү химиялык заттын "интенсивдүүлүгүн" аныктоо жана башка ууларды жок кылуу үчүн дагы сыноолор жүргүзүлүүдө.

Цианид дененин клеткаларын кычкылтексиз калтыргандыктан, анын кесепети жүрөктүн токтошуна алып келиши мүмкүн. Алгачкы симптомдор адатта баш айлануу, кыйналып дем алуу жана кусуу болот.

Таиландда цианидди колдонууга көзөмөл катуу, аны өлкөгө уруксатсыз алып киргендер эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Аларды ким ууландырды?

Полиция өлгөндөрдүн бири уулануунун артында турган деп шектенип жатат, бирок ким экенин айта элек.

Вьетнамдык VN Express басылмасынын маалыматына караганда, тергөөчүлөр Чонгду бешөө тең ишке ашпай калган инвестициялары үчүн сотко бергенин айтышкан.

Бангкоктогу жолугушуу сүйлөшүү жолу менен баарын жайгарууга чакырылган эле, бирок бул аракет ишке ашкан жок.

Тергөөчүлөрдө дагы кандай версия бар?

Өкүнүчтүүсү, бул окуя Таиланд өзүнө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулуп жаткан учурда болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өкүнүчтүүсү, бул окуя Таиланд өзүнө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулуп жаткан учурда болду

Полиция Бангкоктогу топтун гиди 35 жаштагы Фан Нгок Вунун түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Кабарларга караганда, гид ортомчу Тхи Нгуен Фуонг Лан өлөр алдында кимдир бирөөдөн муун оорусуна каршы жыландын каны кошулган салттуу дары сатып алууну суранганын айткан.

Мындан тышкары, мейманкана бөлмөсүнөн полиция кызматкерлери отелге тиешеси жок суусундуктар үчүн делген эки темир идишин таап алышкан.

Контейнерлер цианид кошулган чөйчөктөрдүн жанына, ашкана үстөлүнө жакын коюлган.

Чиновниктер маселенин тез арада чечилишин каалап жатканы айдан ачык болуп турат.

Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Чинх Ханойдогу тергөөчүлөргө иликтөө иштеринде тайланддык кесиптештери менен тыгыз карым-катнашта болууну тапшырды.

Таиланддын бийликтерине келсек, бул кейиштүү окуя Таиланд үчүн эң жооптуу убакта болуп отурат. Пандемиядан толук айыга элек өлкө экономикасынын тиреги болгон туристтик индустриясын жандандыруу үчүн 93 өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн дал ушул күндөрү кеңейтип жаткан.

Мындан бир жыл мурун да 14 жаштагы өспүрүм Бангкоктогу кымбат баалуу соода борборунда эки адамды атып салган болчу.

Премьер-министр Сретта Тависин шейшемби күнү кечинде полиция менен Гранд Хаяттагы окуя болгон жерде болду. Ал коомдук коопсуздукка эч кандай коркунуч жоктугун жана бул жеке иш экенин айтты.

Өлгөндөрдүн артында калган үй-бүлөлөрүнө окуя оор тийди.

Би-Би-Синин Вьетнам кызматы визажисттин апасы Туи менен телефон аркылуу байланышкан, бирок ал ушунчалык катуу ыйлагандыктан, кыска сүйлөшүүдөн кийин трубканы коюп койду. Анын айтымында, ал уулун кадимки иш сапарында жүрөт деп ойлогон.

Анын атасы Тран Динь Дунг өзүнчө маегинде уулун акыркы жолу көргөндө таң калыштуу эч нерсе байкабаганын айтты. (МА)