"Тулпар" эмнеге Бишкекте жакшы жүгүрбөй жатат?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тулпар

Сүрөттүн булагы, Social media

Бишкекте коомдук транспортту толук электрондук төлөмгө өткөрүү тууралуу мэриянын демилгеси толук ишке ашпай калды.

Баш калаада айдоочулар ушу күндөрү жүргүнчүлөрдөн жол кирени мурдагыдай эле акчалай, электрондук жол аркылуу да чогултуп жатышат.

Бирок мэрия Бишкектин коомдук-муниципалдык транспортунда жол кирени накталай акча менен алып жаткан айдоочуларга чара көрүлөрүн эскертүүдө.

Мэрия жол кирени жүргүнчүлөрдөн "Тулпар” транспорт картасы менен гана төлөөнү талап кылууда. Ал болбосо VISA, "Элкарт" карталары менен, болбоду дегенде мобилдик жүктөмө Mbank, MegaPay, Balance менен төлөсө болот.

Коомдук транспортто айдоочулар жол кире үчүн накталай акчаны валидатор иштебей калганда гана ала алат дейт мэрия 30-августта тараткан билдирүүдө.

Ошол себептүү учурда айрым айдоочулар жүргүнчүлөрдү картасы жок болсо, бекер да ташыганга туура келип жатат.

VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, VYACHESLAV OSELEDKO

“50 миң сомдук айлыкка карабай кетип жатышат”

Мэрия августта коомдук транспортко жол кирени жапырт электрондук төлөмгө өткөрүп, бул эң алды троллейбус айдоочуларынын нааразылыгын жаратты. Шаар бийлиги айдоочулар ортодон акча өөнөп келген болушу мүмкүн, ошон үчүн электрондук төлөмгө каршы чыкты деген оюн билдирди. Бирок айдоочулар айлыктары эчтекеге жетпей, транспорт бузулса, аны оңдоого акчаны да өз чөнтөгүнөн чыгарарын айтууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иш таштаган айдоочулар көп болуп, шаар бийлиги алардын айлыгын 50 миң сомго көтөрдү. Бирок ага карабай, айдоочулар иштерин таштап кетүүдө.

Адилеттин Бишкекте №2 маршруттук багыты боюнча троллейбус айдап иштегенине үч жылдай болуп калды. Жумушу оор экенин айтат. Ал күнүнө жүздөгөн жүргүнчү ташып, алардан жол киреге алган акчаны майдалап, айтор кечинде суй жыгылат. Алган айлыгы араң 28 миң сом.

“Тулпар” баштапкы бир-эки күндө жакшы эле иштеп аткан. Анан эле карталары түгөнүп калбадыбы. Мен өзүм жеке 40 карта саттым, жанымда ыктыярчым 150нү сатып салды да бат эле. Толук кандуу өтөбүз дегенден кийин карталарын даярдаш керек эле да. Маселе ошондон эле болду. Азыр эми айдоочулар накталай акча менен иш жүргөндө ортодо жакшы акча таап алышчу, ошого нааразы болуп жатат деп жатышат. Ооба, ошентип айдоочулардын чөнтөгүнө анча-мынча акча түшсө керек. Бирок жеке мен үчүн “Тулпар” менен эле жагып атат. Болбосо, жүргүнчү ташып, сдача берип, оор эле биздин жумуш”,- деди Адилет.

Анын айтымында, ал жогорулатылган эмгек акысын колуна ала элек. Бирок ага айтышкандай, айлыгы 50 миң сом болсо да, салык, социалдык төлөмдөрдөн кийин колуна 41 миң сомдой аларын угуп, кудуңдап жаткан чагы. Айдоочу анын кесиптештери мындай салыштырмалуу жогору айлыкка деле карабай, жумуштарын таштап кетип жатканын айтып берди.

“Тулпарга” байланыштуу мэриянын жакшы демилгеси эмнеге үзгүлтүккө учурады?

“100 миң карта маселени чечет”

20-22-август күндөрү борбор калаада кыска мөөнөткө да болсо электрондук төлөм толук иштеди. Бирок жүргүнчүлөрдүн саны сатыкка чыгарылган карталардын санынан алда канча көп болгондуктан үч күн өтпөй маселе жаралды.

Буга чейин болгону 230 миң “Тулпар” картасы сатыкка чыгарылган.

“Тулпар” долбоорунун ЖМК менен иштешкен адиси Бекжан Акматбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Тулпар” долбоорунун ЖМК менен иштешкен адиси Бекжан Акматбеков

“Шаарда миллиондой калк бар деген менен алардын баары муниципалдык транспортту колдонбойт. Көбү микро автобус же өз транспорттору менен жүрүшөт. 200 миң карта жетиштүү эле болот деп ойлогонбуз. Бирок бул демилге башталганына үч жыл толуп, ал убакыт ичинде карталарын колдонбой калган, жоготуп алгандар көп болгон экен. Азыр эми дагы 100 миң карта кошумча таратсак эле бул борбор калаага жетиштүү болот деп ойлойм. Кийин дагы жаңы автобустар келет деп атат, ошондой балким дагы кошумча карталар талап кылынат”, - деди “Тулпар” долбоорунун ЖМК менен иштешкен адиси Бекжан Акматбеков.

Анын айтымында, кошумча карталарга буйрутма берилди, жакын арада сатыкка чыгат.

Бишкек мэриясы “Тулпар” долбоорун 2019-жылы эле баштаган. Бул боюнча өткөн тендерди уткан швейцариялык BPC компаниясы жол кире алууну электрондук түргө өткөрүүнү уюштурмай болгон. Бирок ушул кезге чейин ал толук ишке ашпай келди. Буга ортодо орун алган коронавирус пандемиясы, андан кийин баш калаадагы коомдук транспорттун жетишсиздиги себеп болгону айтылат.

Быйыл шаарда жаңы коомдук автобустар ишке кирип, бул долбоорду биротоло ишке киргизүү ниети болгон.

“Маалыматтык кампания жүргөн жок”

Бишкек тургуну Анархандын мектеп жашындагы бир канча баласы бар. Борбор калаада турса дагы ал жашаган районго коомдук транспорт анча жеткиликтүү эмес. Буга карабай алар күнүнө эки-үч транспорт алмаштырып болсо да жетчү жерине жетишет. Андыктан коомдук транспортко байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала билүү алар үчүн абдан маанилүү.

“Жаңылбасам мэрия “Тулпарды” киргизебиз деп он күн калганда эле айтып койду окшойт. Ал картаны каяктан алабыз, эмне кылып алабыз эч кандай маалымат болгон жок. Мен активдүү жаран катары коомдук сайттардан мэрияга кайрылып сурап жаттым: маалымат бербесиңерби, кайдан сатып алабыз, аны алыш үчүн онлайн катталабызбы деп сурап жаттым. Ошого деле жооп болгон жок. “Тулпар” кирди деген күндөн кийин анан карталарды автобус, троллейбустардан сатып башташты. Аны деле мен троллейбус колдонгондуктан кокустан билип калдым. Эне катары мага балдар үчүн карталарды мектептен сатса же супермаркеттерге коюп койсо эле эң ыңгайлуу болмок”,- деди ал.

Анархан Алтымышева, Бишкек тургуну

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анархан Алтымышева, Бишкек тургуну

Бишкекте бир миллиондой жаран жашары мындан он жыл мурун эле айтылчу. Өлкө эгемендик алгандан бери коомдук транспорт – баш калаанын эң талуу маселелеринин бири болуп келет.

Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорттун таңкыстыгына коомчулукта нааразылык көп. Бул тармакта миллиондогон акчалар айланары, анын көбү казынадан тыш калары да айтылып, “Тулпар” долбоору ишке киргизилген.

Коомдук транспорт жетиштүүбү?

Муниципалдык бийликтин балансында ушу тапта 11 каттам боюнча 135 троллейбус бар. Сегиз каттам боюнча жүргүнчү ташыган дагы 85 автобус иш алып барат. Мындан тышкары, Өзбекстандан келген 70 автобус дагы бар, аларды жеке компания иштетүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы газ менен жүрүүчү, бардык шарттары бар 50 автобус Кытайдан алынып келингенин билдирген. Жыл аягына чейин дагы 500 автобус, калганы келерки жылы алып келинери күтүлүүдө.

Бирок борбор калаада жүргүнчүлөрдү негизинен микроавтобустар ташыйт. Учурда Бишкекте 1 миң 800 маршрутка, 84 каттам боюнча иш алып барат жана алардын баары жеке ишканаларга таандык. Мэрия автобус, троллейбустардан кийин ал микро автобустарга валидатор орноткусу келет.

“Тулпарга” 2019-жылы кол коюлган, бирок ал боюнча чечим да туура эмес болуп атат. Муниципалитеттин мойнуна жүктөп эле, тараткыла, жүргүнчүлөрдү көндүргүлө деп тапшырма берилип жатат. Бирок “Тулпар” бул - мамлекет-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде келген партнер. Бул жерде элди кызыктырыш керек. Мисалы, мэрия тарабынан дифференциалдык тариф дегенди киргизсе болот. Бул боюнча токтом долбоору да даярдалган. Ага ылайык, “Тулпар” менен төлөгөн арзаныраак, накталай төлөсө кымбатыраак болот. Бул казынага акча түшүргөнгө жакшы, бирок партнерлорду да караш керек. Ал көрсөтүп аткан кызмат көрсөтүүсүнө салыштырмалуу алган пайдасы туура болобу?”,- дейт мурунку вице-мэр Руслан Акылбеков.

Кыргызстанда ондогон жылдар бою коомдук транспортко тарифтер өзгөрүлбөй, бирок айдоочулар улам-улам иш таштай берип, былтыр автобус, троллейбуста жүрүү акысы 8 сомдон 11 сомго, ал эми микро автобустарга жол кире 10 сомдон 15 сомго көтөрүлгөн.

Жеке ишканаларга таандык маршруткаларга валидатор орнотуу менен жол киреге мындай тыкыр көзөмөлгө айдоочулар макул болобу же жокпу, ал өзүнчө маселе.