Би-Би-Си башкы директору Трамптын сөзүнө байланыштуу талаштан кийин отставкага кетүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британ телерадиокорпорациясынын башкы директору Тим Дэйви жана BBC News бөлүмүнүн жетекчиси Дебора Тернесс Panorama программасында Дональд Трамптын сөзүн редакциялоодон чыккан жаңжалдан улам кызматтан кетүүдө.
"Жалпысынан алганда Би-Би-Си жакшы иштеп жатат, бирок айрым каталар кетти, ал эми башкы директор катары мен акыркы жоопкерчиликти өз мойнума алышым керек", — деп жазган Дэйви өз катында.
Дэйвинин айтымында, ал директорлор кеңеши менен кызматтан кетүүнүн так мөөнөтүн макулдашууда, бул жаңы жетекчиге ишти үзгүлтүксүз өткөрүп берүүгө шарт түзөт.
Ал ортодо BBC News бөлүмүнүн жетекчиси Дебора Тернесс жоопкерчиликти өзүнө аларын белгилеп, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кабарлады.
"Президент Трамп жөнүндө Panorama программасынын айланасындагы узакка созулган талаш Би-Би-Си сыяктуу мен абдан баалаган уюмга зыян келтире баштады. Кээ бир каталар кеткенин моюнга алам, бирок BBC News уюм катары бир жактуу деген соңку айыптоолор чындыкка дал келбейт деп так билдиргим келет", – Дебора Тернесс.
Дэйви менен Тернессдин отставкасына Telegraph гезитиндеги макала себеп болгон. Басылмада BBC Panorama программасынын "Трамп: Экинчи мүмкүнчүлүкпү?" деген өткөн жылы чыккан даректүү тасмасы туурасында сөз болгон.
Макалада даректүү фильм көрүүчүлөрдү адаштырганы айтылат. Анда АКШ президентинин тарапташтары Капитолий дөңсөсүндө башаламандык уюштурган күнү сүйлөгөн сөзү редакцияланганы белгиленген.
Telegraph программада Трамптын эки башка бөлүктөн турган сөзү кошулуп, 2021-жылдын январындагы башаламандыкты колдоп жаткандай таасир жаратканын жазган.
Тим Дэйви Би-Би-Синин башкы директору болуп 2020-жылдын сентябрь айында дайындалган. Андан мурун ал BBC Studios – корпорациянын коммерциялык бөлүмүн жети жыл башкарган. Жалпысынан Би-Би-Сиде жыйырма жыл эмгектенген.
Дебора Тернесс 2022-жылдан бери BBC News бөлүмүн жетектеп келген. Ал бул кызматтын алкагында дүйнө жүзү боюнча 500 миллион аудитория үчүн кырктан ашык тилде материалдарды жана программаларды чыгарган беш миңден ашык адамдан турган команда үчүн жооптуу болгон.









