Эмне үчүн Кытайда жумушсуз жаштар жасалма офистерге барып, иштеген түр көрсөтүшөт?

- Author, Сильвия Чан
- Role, Би-Би-Си Кытай кызматы, Гонконг
Эч ким бекер иштегиси келбейт. Андан да жаманы, иш кылбай, жөн эле кеңседе отурганы үчүн акча төлөгөндө. Бирок Кытайда соңку учурда популярдуу болуп жаткан жаңы бизнес так ушундай. Жумушсуз жаштар атайын түзүлгөн компанияларга акча төлөп, өздөрүн алардын кызматкери катары көрсөтүшөт.
Мындай убакыт өткөрүү ыкмасы кеңири жайылып, кызмат көрсөткөн компаниялардын санынын өсүшүнө алып келди.
Бул тенденция өлкөдөгү алсыз экономиканын фонунда болуп жатат. Кытай жаштарынын арасындагы жумушсуздук 14 пайыздан жогору бойдон калууда.
Жумуш табуу кыйын болгондуктан, айрым жаштар үйдө жөн эле отургандан көрө, кеңсеге барып иштеген түр көрсөтүп отуруу үчүн акча төлөшөт.
30 жаштагы Шуй Чжоунун коомдук тамактануу тармагындагы бизнеси 2024-жылы токтоп калган. Ушул жылдын апрель айында ал Гонконгдон 100 чакырымдай түндүктө жайгашкан Дунгуань шаарындагы Pretend To Work деген компаниянын жасалма "офисине" баруу үчүн күнүнө 30 юань (болжол менен 4,20 доллар же 3,10 фунт) төлөп баштаган. Ал жерде өзүнө окшоп иштеп жаткандай түр көрсөткөн дагы беш "кесиптеш" тапкан.
"Мен өзүмдү абдан бактылуу сезем. Биз бир команда болуп иштеп жаткандайбыз",- дейт Чжоу
Pretend To Work сыяктуу компаниялар азыр Кытайдын ири шаарларында — Шэньчжэнь, Шанхай, Нанкин, Ухань, Чэнду жана Куньминде да ачылып жатат.
Алар кадимки эле кеңселерге окшош, интернетке туташкан компьютерлер, жыйын өткөрүүчү залдар, атүгүл чай иче турган бөлмөдөн бери бар.
Алар мындай кеңселерде иштебей эле компьютерди колдонуп жумуш издешет же жаңы стартап баштоого аракет кылышат.
Күнүнө 30–50 юань төлөнө турган мындай "жумушта" кээде түшкү тамак, шам-шум этип алганга жей турган нерселер жана суусундуктар да берилет.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытай экономикасы боюнча адис, Жаңы Зеландиядагы Виктория университетинин Менеджмент мектебинин улук окутуучусу Кристиан Яонун айтымында, жасалма жумуш феномени учурда абдан кеңири жайылган.
"Өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр жана жаштар алган билим менен эмгек рыногунун талаптарынын дал келбегени айрымдарды ушундай жасалма "офистерге" барууга муктаж кылууда. Мында алар туруктуу жумуш табуу же убактылуу ишке орношуу үчүн кийинки кадамдарын ойлонуп, план түзө алышат. Фейк "жумуш" — бул өткөөл мезгилдеги убактылуу чечимдердин бири",- дейт ал.
Чжоу "Сяохуншу" социалдык тармагын карап жатып Pretend To Work компаниясын көрүп калат. Ал кеңседеги чөйрө өзүн тартипке салууну жакшыртат деп ойлоп, барууну чечет. Азыр Чжоу жаңы "офисинде" төрт айдан бери "иштеп" жатат.
Чжоу ата-энесине "офистин" сүрөтүн жөнөткөн. Айтымында, алар уулунун жумушсуз жүргөнүнө мурдагыдай тынчсызданбай калды.
"Кызматкерлер" каалаган убакта келип-кетишет, бирок Чжоу адатта эртең мененки саат 8–9 чамасында келет. Кээде түнкү 23:00гө чейин калып, Pretend To Work компаниясынын менеджеринен кийин кетет.
Ал башка "кызматкерлер" менен достошуп алганын айтат. Маселен, кимдир бирөө жумуш издеп иш менен алек болуп жатса баары тыпырап "иштейт". Бош убакыт боло калганда сүйлөшүп, тамашалашып, ар кандай оюндарды ойношот. Көбүнчө "жумуш күнү" бүткөндөн кийин чогуу кечки тамактанууга чыгышат.
Чжонун айтымында, ага мындай командалык иш абдан жагат, ал мурдагыга караганда өзүн кыйла бактылуу сезүүдө.
Быйыл жыл башында шанхайлык Сяовень Тан да бир айга ушундай жасалма офистен ижарага орун алган. 23 жаштагы кыз өткөн жылы университетти бүтүргөн, бирок али туруктуу жумуш таба элек.
Ал окуган университетинде жазылбаган эреже бар экен. Студенттер окууну аяктагандан кийин бир жылдын ичинде эмгек келишимин түзүшү керек же тажрыйба топтогону тууралуу документ тапшыруусу зарыл. Болбосо диплом берилбейт.
Тан "практика өтүп жатат" деген далил катары ошол офистин сүрөттөрүн университетке жөнөткөн. Чынында ал офисте иштеген түр көрсөтүп отурганы үчүн акча төлөп, ошол жактан онлайн-романдарды жазып, баскан-турганына каражат табууга аракет кылчу.
"Жасалма көрүнүш жаратып жатсыңбы? Аны аягына чыгар",- деп тамашалады Тан.
Германиядагы Макс Планк атындагы социалдык антропология институтунун директору Бяо Сяндын айтымында, Кытайда ушл курактагы адамдар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу аларды аргасыздан иштеп жаткандай түр көрсөтүүгө түртөт.
"Иштегендей түр көрсөтүү — бул жаштар коомдон бир аз обочолонуп, ой топтоп, эс алып алуу үчүн түзүп алган мүмкүнчүлүк",- деди Бяо.
Дунгуань шаарындагы Pretend To Work копманиясын 30 жаштагы Фей Ю (аты-жөнү өзгөртүлдү) башкарат.
"Мен иштей турган орунду эмес, адам өзүн коомдо пайдасыз сезбеши үчүн алардын өзүнө болгон баасын, урматын жогорулаткан сезимдерди сатам" дейт ал.
Фэй Ю да бир кезде жумушсуз калган. Ковид пандемиясы маалында анын соода бизнеси жабылып, кыйынчылыктарга дуушар болгон.
"Өтө көңүлүм чөгүп, өзүмө зыян келтирчү терс кадамдарга бара баштагам. Абалды өзгөрткүм келди, бирок эч нерсе колумдан келбей жатты", — деп эскерет ал.
Быйыл апрелде Фэй Ю Pretend To Work долбоорун жарнамалай баштаган, бир айдын ичинде бардык "иш орундары" толуп калган. Эми жаңы келе тургандар тизмеге катталып, кезегин күтүшү керек.
Анын айтымында, кардарларынын 40 пайызы жакында эле университетти бүтүргөн жаштар. Алар "офиске" келип, милдеттүү практика өтөгөнүн далилдей турган сүрөттөрдү тартышат. Кээ бирлери болсо ата-энесинин басымынан кутулуш үчүн кетишет.
Калган 60 пайызы — фрилансерлер. Алардын арасында интернетке гана байланган "санарип көчмөндөр" көп. Айрымдары ири электрондук соода компанияларына иштешет, башкалары интернет аркылуу көркөм чыгарма жазышат. Мындай адамдардын орточо жашы 30 чамасында, эң жашы 25те.

Мындай иштөө ыкмасы расмий түрдө "ийкемдүү график" деп аталат. Бул график менен иштегендердин катарына таксисттер, жүк ташуучу унаа айдоочулары жана башка ушул сыяктуу кесип ээлери кирет.
Фэй Ю бизнесинин узакка чейин кирешелүү болооруна ишене бербейт. Ошондуктан ал муну коомдук эксперимент катары карайт.
"Адамдардын өзүнө болгон ишенимин жакшыртып, кадыр-баркын сактап калуу үчүн менин бизнесимде бир аз калп айтууга туура келет. Бирок айрымдар үчүн бул чындап эле өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Жумушчулардын" актёрдук чеберчилигин өркүндөтүүгө жардам берүү менен алардын анча-мынча алдоо ыкмасынын шериги болуп калабыз. Бул коомдук экспериментти ийгиликтүү деп айтуу үчүн, жасалма жумуш орду чыныгы жумушка жол ачышы керек",- деди ал.
Азыр Чжоу өзүнүн жумуш убактысынын көбүн жасалма интеллект (AI) тармагындагы көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жумшап жатат.
Ал айрым компаниялар жумушка кабыл алууда жасалма интеллектти жакшы билүүнү талып кылып жатканын байкаган. Ошондуктан мындай көндүмдөрдү үйрөнүү ага туруктуу, чыныгы жумуш табууга жардам берет деп үмүттөнөт.












