Мааракелерде качанкыга чейин "май чайнап" жүрө беребиз?

Сүрөттүн булагы, Эсимде баракчасынан алынды
22-23-июль күндөрү, кең Каркырада Кыргыз Эл баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110, залкар актер Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленди. Ага президент Садыр Жапаров баштаган расмийлер жана жергиликтүү эл катышты. Бул саамалык жакшы, мындай форматы да керектир...
Мамлекет толук кандуу өзү өткөрө албай турганда меценаттардын, бардар бала-бакырасынын колдоосу менен өтүп турганы мыкты. Көмүскөдө калып калбашы керек эле. Бирок мындай чоң иш-чара бекер, чыгымсыз өтүп жаткан жок да. Ошол эле чыгымды башка багытка бурса мааракенин мааниси кемип калабы? Эми Каркыра жайлоосундагы казан-казан эт кайнаган, көпчүлүк барып май чайнаган мааракени учкай сүрөттөп берейин.

Байгеге сайылган миллиондор...
Маареке эки күнгө созулуп, кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы жана ат оюндары менен коштолду. Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сом болду. Төкмөлөрдүн терин төктүрүп, тилин көндүрүп, сөзүн да, өзүн да таптап, алардын оозу менен залкарларды мактап бул жагы жакшы иш болду дейли. Эми ошол айтышта укмуш бир омоктуу ой айтылды деп аңыз болуп калаар айтыш, жакшы ойлору жабыраган алым-сабак жазылып калды бекен? Эгер ошондой жакшы ой айтылса чындап “Алтын казынага” сактап бапестейли. Бул керек.
Эми камбар атанын тукумун туйлаткан улуттук ат оюндарга келели. Ат чабыш, көк бөрү, кыз куумай жана күрөш оюндарына алты авто унаа коюлду. Улуттук спортту жеригендей болбой аттарды суутуп, аттарды таптап алганга, эрендер менен чабандестерди бир сынап алганга мыкты болду деп ага да мейли дейли.
Акын айтышты, ат жарышты а канакей калемгерлердин эки алп тууралуу сандан санга баяны, эскерүүсү. Адабиятчылар менен илимпоздордун илимий макалалары, жаңы бир изилдөөлөрү жарыяланса, алар да ким ушул мааракеде алгылыктуу иш кылат деп илимий жактан “жарышса” болот беле?

Жазуучу менен актердун юбилейи ат чабыш менен эле бүтүп калбашы керек эле...
Жазуучу менен актердун юбилейинде ат чабылып, көк-бөрү, күрөш оюндары болду. Мен деле бул оюндарга кызыгам, көрөм. Улуттук оюндарыбыздын ойнолгону жакшы. Улакчы, балбандарга көңүл бурулганына да кубандым. Бирок, кыргыздын залкар уулу, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгында жазуучунун китептерин кайрадан басып чыгарып же электрондук вариантка өткөрсө болбойт беле? Улак тартышып, күч сынашкан оюнчулар Түгөлбай Сыдыкбековдун, Советбек Жумадыловдун ким экенин, алардын жасаган иштерин, эмгектерин билет болду бекен?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жазуучунун баалуу китебин издеп таппайсың...
Мисалы, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Күлкү жана өмүр” китеби сатыкта жокко эсе го. Тинтип жүрүп эскисин тапсаң керек. Китеп кенен басылып, Жоошбай, Куйручук, Көкөтөй баштаган не бир укмуш куудулдардын, сөз баккан чечендердин кылык-жоругун, насаатын окусак кандай болот эле? Бир жагынан куудулдук өнөр куруп калды, юмор белден өйдө чыкпай калды, канакей казак баурумдагы Турсынбектей дулдулдары деп жаткан кыргыз коомуна дал ошол китеп майдай жакпайт беле? Юбилейге карата ошол китепти кайра бир басып чыгарса болот эле. Жок дегенде, Сыдыкбековдун кайталангыс китептерин электрондук форматка өткөрсө, Жумадылов катышкан тасмаларды кинотеатрларда акысыз болсо да көрсөтүп, чыгармачыл интеллегенция менен жолугушууларды уюштурса кандай сонун болмок! Сыдыкбековдун үй музейин уюштуруу боюнча үйдөй убада берилип, иш баштала элек. Каркырыдагы кара кекиртекке кеткен каржыга канча китеп чыгып, канча изилдөө кылса болмогун өзүңүз бир эсептеп көрүңүз...

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Ысырапкорчулукка жол жок эмес беле?
Каркырадагы тойдо президенттин ысырапкорчулук кылбагыла деген жарлыгын эстеген деле киши болгон жок окшойт. Сексенден ашуун боз үй тигилип, бир нече жылкы союлуп эл тойлоду. Тойго келген эл ичип-жеп туш-тушка тарап кетти.
Тойдон кийин тоодой таштанды калды...
Тойдогу жан кейиткен дагы бир нерсени айта кетпесем болбойт. Жык-жыйма эл чогулду, тойлоп жыргады. Артынан желим баштык, бөтөлкөсүн, таштандысын таштап кетип жатышты. Атайын таштанды урналарга салгандан эринишет. Жайлоого, жаратылышка аяр мамиле кылбаганы өкүндүрбөй койбойт. Артын тазалабаган эл болдук го...
Той мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жаткандыктан уюштуруу жагы аксабаш керек болчу деген ойдомун. Мааракени Түгөлбай Сыдыкбековдун урпагы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев уюштуруп, каржылады.
Эгер бул иштин эле башы, анчалык сындабагыла бул силер сунуштагандан да мыкты сценарий менен өтүп, китеби да чыгат башкасы да болот дешсе анда шашмалыгым үчүн, сыным үчүн кечирим сурап, сөзүмдү кайра алайын. Ага чейин эки залкарды жаштар кантип тааныйбыз, кантсек мааракеге салым кошобуз деп ойлоно турайын...
Залкарлар жөнүндө учкай кеп
Түгөлбай Сыдыкбеков – залкар жазуучу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Жазуучу "Тоо балдары", "Көк асаба", "Биздин замандын кишилери" жана башка чыгармалардын автору.
Советбек Жумадылов - Кыргыз Республикасынын эл артисти, даңазалуу театр жана кино актеру, кыргыз театр искусствосунун королу. Жумадылов 1932-жылы Ысык-Көлдүн Түп районундагы Арал айылында туулган. Актер “Ак баранын көз жашы” тасмасындагы Бостондун ролу менен кеңири таанымал.
Айпери Эшенкулова. Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:












