Кытайда жетекчилерди тазалоо уланууда: Өзгөчө кырдаалдар министри коррупцияга шектелүүдө

Ваң Сяңси

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ваң Сяңси
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытайдын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министри Ваң Сяңси "тартипти жана мыйзамды олуттуу бузууга" айыпталууда. Бул тууралуу 31-январда коррупцияга каршы көзөмөл органы билдирди.

Тартипти текшерүү боюнча борбордук комиссия Коммунисттик партиянын катчысы кызматын кошо аркалаган Ваң тууралуу кошумча маалымат берген жок. Бирок Кытайда иштеп жаткан министрге карата иликтөө жүргүзүлүшү сейрек кездешет.

63 жаштагы Ваң Сяңси 2022-жылдын июль айында министр болуп дайындалган. Ага чейин ал мамлекеттик энергетикалык компаниянын жетекчиси болгон. Сяңси көмүр казуу тармагында бир нече жыл иштеген.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы көзөмөл органы Ички Монголия автономиялуу районунун мурдагы партия катчысы Сунь Шаочэнге карата да иликтөө башталганын билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик China Daily басылмасы жазды.

Кытай президенти Си Цзиньпин бийликте турган 14 жыл ичинде мамлекеттик кадрларды тазалоо саясатын жүргүзүп келүүдө. Ал бийлигинин алгачкы жылдарында эле кеңири жайылган коррупция партиянын мыйзамдуулугуна коркунуч жаратарын белгилеген.

Си "Жолборстор жана чымындар" деп аталган антикоррупциялык кампаниясын баштап, Кытайдын экономикасы тез өсүп жаткан жылдары мыйзамсыз байып алды делген чоң жетекчилерди да, катардагы чиновниктерди да жоопко тартууга багыт алган.

Бул демилгенин алкагында өткөн аптада Коргоо министрлиги аскердик жетекчиликте Сиден кийинки экинчи орунда турган Чжаң Юсяга карата иликтөө жүрүп жатканын жарыялаган.

Ушул апта башында Тартипти текшерүү боюнча борбордук комиссиянын жыйынынын ачылышында Си Цзиньпин коррупцияга каршы күрөш "абдан оор жана татаал" бойдон калып жатканын билдирди.

"Коррупция – партиянын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө алып барган жолду тосуп, буттан чалган таш. Коррупцияга каршы күрөштү сөзсүз жеңишибиз керек", – деди ал.

Былтыр жогорку кызматтагы чиновниктерге карата рекорддук 65 кылмыш иши козголгонун мамлекеттик медиалар кабарлашкан. Ошондой эле текшерүүлөр мурдагы университет жетекчилерине жана мамлекеттик ишканалардын башчыларына чейин кеңейди.